Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тумоологондордун саны көбөйүп мектептер жабылды. Бул тууралуу Манас орто мектебинин директору Тажимурат Марипов менен маек курдук.
Саламатсызбы, Тажимурат агай жалпы Манас орто мектебинде канча окуучу билим алат?
— Саламатчылык. Биздин Манас орто мектебинде жалпы 453 окуучу бар.

Алардын канчасы сасык тумоо оорусу менен ооруду?
— Окуучулардын арасынан 83ү сасык тумоо менен ооруду.
Ал окуучулар кайсы класстын окуучулары болчу?
— Анысын так билбейт экенмин. Бирок ар бир класстан 5-6дан окуучу ооруду.
Эмне үчүн мектеп жабылды?
— Жабылганынын себеби, мектебибизде сасык тумоо менен ооругандардын саны өтө көбөйдү. Эгер мектеп жабылбаса, башка окуучуларга ал оору жугушу мүмкүн эле.
Мектеп качан ачылат?
— Мектеп качан ачылат так билбейм. Эгерде эле сасык тумоо менен ооругандар азайса, ачылат деген ойдомун. Менин оюмча мектеп 10-15 күндөн кийин ачылат.
Кантип окуучуларга мектеп ачылгандыгы тууралуу кабар бересиңер?
— Негизи биздин айылда мечиттер бар. Ошолор аркылуу айттырабыз. Жана дагы ар бир класс жетекчисине да айтабыз. Ал класс жетекчилер өздөрүнүн окуучулары менен байланышып, эртең мектеп же эки күндөн кийин ачылат деп айтып коюшат.
Даярдаган: Кымызай Азизбек кызы
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн