Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Айбек базарында эл соода-сатык менен күн кечирет. Анда иштеген соодагерлерден базардын тазалыгы боюнча сурап көрдүк.
Кызыл-Кыя шаарынынын тургуну Асила Турдубекова:
— Базардын тазалыгы өтө эле начар: ар кайсыл жерде таштанды, ар кандай бутылкалар, адамдар алган буюмдарынын кагаздары. Эл дагы ар кайсыл жерге эле мусор таштай беришет, базардын тазалыгына эл да көз салышы керек. Эл да тазалыкты сакташы керек. Базардын ичине таштанды салган яшиктрди орноттуу керек. Дагы бир маселе — ар кайсыл жерлерге көрнөк-жарнактарды чаптап булгабаш керек. Аларды да өзүнчө өзүнүн тактайларына чаптап илишсе болот.
Айбек базарында соодаргер Бегимай Калмуратова:
— Базардын тазалыгы канатандыраарлык эмес. Эл өзү суботниктерди жасап, тазалыгын карашы керек.
Даярдаган: Гүлкайыр Каныбек кызы
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн