Кара-Суу орто мектебине Жайыл ройонунун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Людмила Байтушева келди. Ал ата-энелерге «Синий кит» жана «Тихий дом» деген оюндар тууралу чогулуш өткөрдү.

Бул чогулушта оюндар балдарды өлүмгө алып келгендиги тууралуу сөз болду.
Бул боюнча Жайыл районунун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси менен маектештик.
— Синий кит жана Тихий дом деген оюн чыгыптыр. Ошолорго каршы чыгып ата-энелерге жана окуучуларга бул оюндун зыяны, оюнга каршы чыгып кандайдыр бир маалыматтарды берип кеткенге Кара-Суу орто мектебине келдик. Бул оюнда ойногон бала 50 күндө өлөт экен. Башында балдар оюнга кирип жаңы ойноп баштаганда оңой нерселерди берип анан кыйындатып аягында баланы өлүмгө алып барат экен. Балдар бул оюнду ойногонунун себеби, ата-энелердин балдарга көп мамиле бурбагандыктан балдар эч кимге керегим жок деп ошол оюнду ойношот экен. Баардык ата-энелерге айтаарым: балдарыңарга жакшы мамиле кылып, балдарды түшүнгөнгө аракет кылгыла. Анан балдарды көзөмөлдөп кандай оюндарды ойноп жаткандыгын карап тургула.

Бул оюдар ар кандай сайттардан келип жатат. Бул оюндан сак болгула.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн