Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде Ак-Талаа районундагы айылдар аралык өспүрүмдөрдүн волейбол мелдеши өттү. Аны аталган мектептин окуучулары дене тарбия мугалимдери менен бирге уюштуруп, жалпы эркек балдардын 10, кыздардын 9 командасы катышты.
Кыздар командасынан 1-орунду Ш. Бейшеналиев мектебинин окуучулары алса, балдардын арасында Ж. Сатылганов мектебинин курамасы алдыңкы орунга чыкты.
Бейшеналиев орто мектебинин дене тарбия мугалими Гүлжаз Капарбек кызы мелдештин максаты райондун аймагындагы окуучуларды спортко кызыктыруу, бош убактыларын пайдалуу өткөрүүгө багыттоо жана ынтымакты чыңдоо экени айтты.

«Анткени көп учурда айылдан келген балдар менен пикир келишпестиктер болот. А мындай оюндарда бири-бирин жакшы таанып, колдоого алышат», — деп билдирди Капарбек кызы.

Айылдан келген ар бир команданы мугалимдери коштоп келгени менен РИИБге да, райондук билим берүү бөлүмүнө өрөөн өспүрүмдөр аралык мелдештер өтүлүп жатканы тууралуу маалымат берилген эмес.

Окуучулардын айтымында, коопсуздугуна ар бир бала өзү жооп берет. Бир күн кечке созулган оюндун жыйынтыгында Ж.Сатылганов мектеби (1-орун), Байымбет мектеби (2-орун), А.Абдраимов мектебинин (3-орун) командалары мыкты оюнчулар экенин көрсөттү.
Ал эми кыздар командаларынан Ш.Бейшеналиев мектеби 1-орун, Ж.Сатылганов мектеби 2-орун, А.Абдраимов мектеби 3-орундарды камсыз кылышып, уюштуруучулардын белектерине ээ болушту.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира