Бусурман Шаршенбеков Баетов айылындагы Э.Карасартов орто мектебинде 9-класста окуйт. Жаш ойлоп табуучулардын райондук сынагында күн нурунан энергия ала турган жабдыкты калпакка жабыштырып, зарядоочу каражат ойлоп тапкан.
Муну менен Бусурман электр энергиясы жок жерде уюлдук телефонду заряддап алуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Каарманыбыздын айтымында бул жабдык мал-жандык издеп тоо-ташта, жайлоодо жүргөндө керек.
Анткени калпакка жабдыкты тагып, башка кийип алып, чөнтөгүңдөгү телефонду USBнин жардамы менен күн нурунан заряддап алсаң болот. Атасы темир уста болгондуктан дайыма жанында жүрүп, электроникага кызыгып калганын айтат ал.
Жаш ойлоп табуучулардын сынагында өзүнүн эмгектери менен калыстардын жогорку баасына татыктуу болгон Бусурман мындан сырткары жыгачтан кыймылдаткыч күчкө ээ болгон учак, палас, килем тазалоочу робот (щетка) жана башка эмгектерди алып келген.
Бусурмандын физика мугалими Жумабү Орозматова:
— Бул сынакка бир жума даярданды. Менден кеңеш сурап келген учурда жардам берип жаттым. Бардык сабактарды жакшы окуйт. Айрыкча физика сабагына кызыгат. Облустук сынакка дагы жакшы бир конструкция жасасак деп жатабыз. Сынак жакшы өттү. Бул көп окуучуларга стимул берди деп ойлойм. Келечекте физик-электроник болсом деп тилек кылат дейт.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!