Ак-Талаа райондук спорт инструктору Мирбек Чырмыевдин демилгеси менен кыз-келиндер арасында салттуу өтүп келе жаткан спорттук мелдештер бул жолу таза абада, спорттук аянтта өттү.
Аны Баетов айылдык Аялдар кеңеши уюштурган. Мелдештин жобосу боюнча командалар чана тебүү, эстафета, капта секирүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышты.

Оюндун жүрүшүндө бала бакча, балдар билим борбору, аялдар кеңеши шамдагайлыктарын көрсөтүштү. Команда мүчөсүн отургузуп алып чана сүйрөө жана кап кийип секирүү абдан кызыктуу болду.

Бардык команда мүчөлөрү суукка карабай тапшырмаларды так, тез аткарууга аракет кылып, жигердүү катышты.

Мелдешти уюштурган аялдар кеңешинин мүчөсү Айнура Султанмуратованын айтымында, суук болгонуна карабай бардык командалар жакшы катышкан.
«Мелдешти кечке эле спорт залда волейбол ойноо жана кол күрөш менен чектебей, таза абада дагы өткөрүп көрөлү дедик. Бирок суук болсо да командалар жакшы келип, катышып беришти. Айына бир жолу бул мелдештерди өткөрүп туруу чын эле ынтымакты чыңдайт экен», — деп бөлүштү Султанмуратова.

Оюндун аягында аялдар кеңеши 3-орун, Балдар билим борборунун мугалимдери 2-орунду камсыз кылышты. Ал эми 1-орунду жана өтмө кубокту “Тынчтык” балдар бакчасынын тарбиячылары жеңип алышып, кийинки мелдешти уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Даярдаган: Нурбекова Аймырза
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!