Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында мурун менчиктештирилип кеткен имарат түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 400 миң сомго оңдолуп-түздөлүп, кайрадан 50 орундуу бала бакча болуп ачылды.
Бала бакчанын 2 корпустан турган имаратынын оңдоосуна түрткү берүүчү гранттан 2 млн 400 миң сом, айылдын жергиликтүү бюджетинен 180 миң сом каражат жумшалган.
Мындан сырткары, «Келечек-Муун» бала бакчасынын кызматкерлери тарабынан 12 миң 600 сом, жаңы ачылган бала бакчага иштей турчу 15 адам 80 миң сом, ошондой эле элдик марафон өткөрүлүп, андан 50 миң сом өлчөмүндө чогулган каражаттарга бала бакчанын ичине 51 даана керебет, 51 даана матрац, муздаткыч жана башка ашкана буюмдары сатылып алынган.
“Келечек-Муун-2” бала бакчасынын жетекчиси Майрамкүл Мамбеткожоева:
— Бул имарат союз кезинде атайын бала бакча болуп салынып, кийин союз тарагандан кийин башкармалар жашай турчу квартира деп берилген. Бирок, ошол кездерде айыл өкмөт башчысы болуп иштеп кеткен Кылыч Өмүралиев өзүнө менчиктештирип алган эле. Бул боюнча сотко кайрылып, анын негизинде 2014-жылы кайра кайтарылып алынып, минтип 50 орундуу бала бакча болуп ачылды.
Жаңы бала бакча «Келечек-Муун-2» деп аталып жана 15 адам жумуш орду менен камсыз болду.
Даярдаган: Г.Мамытбекова
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!