Учурдагы абал кайдыгер эмес жарандардын кайрымдуулук сезимдерин ойготууда. Коронавирус илдетинен сактануу максатында карантиндик мөөнөт үстүбүздөгү айдын аягына чейин созулду.
Аз камсыз, жардамга муктаж, көп балалуу үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген, багаар көрөөрү жок жалгыз бой карыяларга эл арасынан чыккан жеке ишкерлер, колунда бар кайрымдуу жарандар жардам берип жатышат.
Манас Каныбеков Бакай-Ата районундагы көп балалуу, аз камсыз 6 үй бүлөгө азык-түлүк, тамак-аш жана алардын кичинекей балдарына памперс жалаяктарын жеткирип берди.
Ал эми оор илдетке чалдыккан балдар үчүн подгузниктер топтомун Жанат Султаналиева алып берген.
Ошондой эле Талас шаарындагы балдарга билим берүү борборунун директору Чолпон Сарыгулова, өзүнүн алты баласы бар Аида Мурзабаева сыяктуу кайрымдуу жарандар дагы тышта калбай, колунан келишинче калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүштү.
Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалева