Республикалык ыкчам штабтын чечимине ылайык өлкө аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынган. Бирок, мечиттер жана намазканалар санитардык сактык чараларын толук сактоо менен иш алып баруусу зарыл.Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат.