Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагында “Карысы бардын ырысы бар” акциясы уюштурулуп, айыл ичиндеги карыларга жардам беришти.
Акциянын негизинде 9-10-11-класстардын окуучулары ардагер мугалимдерге жана башка айылдагы карылардын үй иштерине жардам беришти.
Алар кышкыга даярдалган алмаларын теришип, короосун шыпырып, карылардын үйүндөгү майда жумуштарына көмөк көрсөтүп, батасын алып кайтышты.
Бул тууралуу 10-класстын окуучусу Айгерим Баетова буларды билдирди: “Карыларга жардам бергенибизге абдан кубанычтабыз. Аларга барып үй иштерине көмөктөшүп келдик. Мындан кийин дагы жардам берип турабыз. Биз үчүн бул нерсе да үлгү болот деп ойлойм”.
Даярдаган: Азем Маратова