Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өлкөнүнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Бакыт” жеке менчик соода түйүнүнүн ээси Арзиева Эркингүл «Ардак грамота» менен сыйланды.
Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну Эркингүл Арзиева Казарман айылындагы “Бакыт” жеке менчик соода түйүнүн иштетет. Учурда аталган соода түйүн райондун элин азык-түлүк менен камсыз кылат. Соода түйүндө жалпысынан 30 адам жумуш орду түзүлгөн жана элге заманбап шартта кызмат көрсөтүүлөр каралган. Азыркы мезгилде Эркингүл айымдын үй-бүлөсү ишкерликтин жолун таап, май куюучу, автоунааларды оңдоочу, нан бышыруучу чакан цехтерди ачып иштетип жатышат.
Эркингүл айым калкына да кайрымдуу иштерди кылып келет. Районубуздагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам кылат. Ишкер айым дал ушундай элине кылган кызматы, жардамынын аркасында район ичинде да иши бааланып, ар кандай сыйлыктарга көрсөтүлүп райондун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарышкан.
Быйыл 2018-жылы Эркингүл Арзиева Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Бул тууралуу Эркингул Арзиева билдирди
Даярдаган: Азем Маратова