Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору болуп Мирбек Абылов дайындалды. 5-декабрь күнү Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчичи Гүлбарчын Исакова мектеп жамаатына жыйналыш өткөрүп, Мирбек Абыловду жумуш ордуна отургузду.
Мирбек Абылов Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинде, математика адистиги боюнча билим алган. 2011-жылдан тартып Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде математика сабагынын мугалими болуп эмгектенген.
2015-2020-жылдары Кесиптик бирлик уюмун жетектеген. 2020-жылдан баштап аталган мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
Ал эми окуу бөлүмүнүн башчысы болуп Азима Токтосунова дайындалды. Ал аталган мектепте 2006-жылдан тартып, биология сабагынан билим берип келген.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 12-июлунда кол койгон жарлыкка ылайык, беш жылдан ашык иштеген директорлор ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелип, жаңы жетекчилер дайындалганга чейин директордун милдетин аткаруучу болуп иштейт. Мектеп директорлору сынактын жыйынтыгы менен беш жылга дайындалат.
Акылай Алмазбекова