Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун, Чолпон айылындагы «Чолпон» жамааттык мультмедиа борборунун ыктыярчыларына 3-декабрь күнү Бишкек шаарында 1 күндүк окуу уюштурулду. Бул окуу Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин студиясында өттү.
Бул окуу «Чолпон» жамааттык мультмедиа борборунун координатору Сатарова Гулиранын жетектөөсү жана Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин каржылоосу менен уюштурулду. Ыктыярчылар Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин студиясы менен таанышышты.
Окутуунун негизги максаты — ыктыярчыларга маалыматтык сабаттуулук берүү менен аларды кабарчы кесибине жасаган кадамын колдоо жана шык — дем, стимул берүү болуп саналат.
Жамааттык медианын журналисти Айгерим Кубатбекова кабарчыларга макала жазуунун стандарттары тууралуу маалымат берди.
СММ адиси Таштанова Перизат макалаларды сайтка жайгаштыруу, YouTube, Facebook, Instagram жана башка социалдык тармактарга бөлүшүү боюнча сабак өттү.
Жамааттык ЖМК бирлигинин студиясы менен таанышуу
Ыктыярчылар окуу учурунда
Ошону менен биргеликте ыктыярчыларга Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын сдудиялары менен таанышууга шарт түзүлдү. Мындан тышкары алар Бишкек шаарындагы тарых музейине саякатка барышты.
Ыктыярчылардын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын студиялары менен таанышуу учуру
Залкар журналист Байма Сутенова менен жолугушуу
Тарых музейине саякат
Малика Жумабекова, Акылай Болотбекова