Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнө танк алынып келинди. Максаты согушка катышкандардын элеси унутулуп кетпеши үчүн атайын Бишкектен алынып келинди.
«Бул танк айыл өкмөт тарабынан сунушталып жогору жака кат жолдогон эле, былтыркы жылы кат жолдогондо Кеңеш айыл өкмөтүнө тийбей калган, кийинки жылы беребиз деп убада берген болчу быйыл алып келинди», — деп билдирди Туратбек Кудайбердиев.
Жаш муундарга патриоттук сезимдерди ойготуу үчүн аракеттерди көрүп, бул танкты көргөндө өздөрүнө таасир алып ата-бабаларды эстеп, элге татыктуу кызмат кылуу максатында танк коюлду.
Ооган согушунун ардагери Насиркул Жороевдин айтымында: «Биз бул танктын келишине кубандык, себеби, дегенде бул танк бизге ата-бабаларыбыздын элесин, бизди кантип коргогонун эстетип турат. Биздин айылдын жаш кадрлары көрүп, таанышып жакшы бир сезимдерди калтырат деген ишеничтемин», — деп билдирди.
Даярдаган: Насиркул кызы Айжибек
мыкты макала сынагы үчүн