Бермет Бакытбекова үч жылдан бери Баетов айылындагы Тайлак спорт мектебинде күрөш боюнча машыгат. Спорттун бул түрү боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишип, райондук турнирлерден баштап республикалык турнирге чейин барып келген.
Ал Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде 8-класста окуйт. Мектепте алдыңкы окуучулардын бири. Бош убактысында кино көрүп, китеп окуганды жакшы көрөт.

Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова жана анын окуучулары менен сборлорго барып машыгып турат. Бишкекте болуп өткөн Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде 40 кг салмакта 2-орунду, Кыргыз Республикалык биринчилигинде 49кг салмакта 2-орунду, Бишкекте Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган турнирде 2-орунду, эл аралык Жаңы жылдык турнирде 52 кг салмакта 3-орунду камсыз кылып, көптөгөн медаль, диплом жана грамоталарга татыктуу болгон.
Күрөш менен машугуусуна атасы менен чоң атасы турткү болгон.
“Кичинекей кезимде атам залга барып балдар менен күрөшкөнүн айтканда кызыгуум артып эле барып, ошо бойдон күрөштү тандап калдым. Биринчи залга келгенде коркуу, уялуу сезимдери болгон. Андан кийин алдыга максаттарды коюп, көнүп кеткем. Келечекте мыкты олимпиада чемпиону болгум келет. Ага чейин күрөштү таштоо оюмда жок”, — дейт жаш спортчу.
Берметтин айтымында, турнирлерге барууда жол кире чыгымдарын машыктыруучусу, кээде өз каражатына барып катышып келишет. Баетов айыл өкмөтүнөн да каражат каралган учурлар болот. Алдына чоң максаттарды койгон Берметке окуусу менен бирге эле спортто да ийгилик жаратып, Кыргызстандын желегин желбиреткен чемпион чыгарына тилек кылалы.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адинай
Сынак үчүн