Тоо Ашуу ашуусун ашкандан кийин Бишкек-Ош жолунда тоонун бетинде жайгашкан Кара- Булак алтын кени бар. Бул жерде 2 жылдан бери «Элко –Сервис» компаниясы кен казуу менен алектенип келет. Казылган кен, тоо башынан агып келген сууга чайкалып, анан ылдый айылды көздөй агып тушуп, Көкө- Мерен суусуна кошулат.
Бул суудан айылдагы мал-жан суу ичет. Кен казууда экологиялык шарттар сакталганбы же жокпу? Алтын кени кайсы жол менен казылат? Булар тууралуу кененирээк маалымат алуу учун «Элко Сервис» компаниясынын аткаруучу директору Аскарбек Жороевге кайрылдык:
«Экологиялык нормалар сакталбаса көзөмөлдөөчү органдар бар, алар бизге чоң-чоң айып салышат же болбосо жаап коет. Суусамырдын эли суу кирдеп жатат деп каршы болушту, бирок кен казылган жерде белгилүү бир суунун кирдешине жол берилет. Бирок биз бул сууларды текшерткенбиз, жыйынтыгы бар. Кен казуу бизде суу менен гана жуулат, эч кандай башка заттар кошулбайт»
Кен казуу убакыты климаттык шартка байланыштуу 3 ай гана жургузулот. Себеби бул жерде ар дайым суук болуп, жылдын коп болугундо кар жатат.
«Биз майдын аягынан баштап гана иштей алабыз, иштөө убактысы абдан аз. Дамбалардан бизде 8 бар, аларды иш бүткөндө ачып, сууну агызып салышыбыз керек. Ал агып чыккан суулардын эч кандай зыяны жок, биз аны текшерткенбиз.»
Кен казылып баштаганга чейин айыл ичинде бир топ талкуулар жана жолугушуулар болуп, айыл тургундары тарабынан макулдук берилип, казылып баштаган. Бирок учурда айыл тургундары Коко Мерен дарыясы 2 жолу булганып, сууну колдоно албай калган учурлар болгондугун айтышууда. Бул тууралуу 1- Май айылынын Асанбай кочосунун тургуну Тынымкул Курманалиева мындай дейт:
«Биздин кочөдө 16 түтүн жашайт, алардын баары ушул суудан ичишет, малыбыз да суу ичет. Былтыр эки жолу суу булганып, малдарыбызга зыяны келди. Көпкө барып тазаланды. Бизге компенсация деп беришкен 2 жыл мурда, кудук казып алганга, бирок кудуктун суусун иче албай жатабыз, даамы туздуу, чыла даамданып турат. Бизге ушул суубуздун таза болгону жакшы эле.»
Айыл тургундарынын суу кирдеди деген нааразычылыгын туура деп белгилеп, бирок кен чайкалган суу бир нече текшерүүлөрдөн өтүп, анын адам өмүрүнө зыян келтирет деген далил жок экендигин, Чуй облусунун Карабалта шаары, Жайыл жана Панфилов райондору боюнча экологиялык техникалык инспекциянын жетекчиси Манас Карабаев билдирди:
«Кара Булак кен казуу жайында булар бир гана жуушат, анан былтыр кен казуу токтогондон кийин авариялык ситуация жаратып кое берип жиберишкен баарын чогуу, негизи аз-аздан жибериш керек эле, Көкө Мерен суусу кирдеп, бир нече күнгө чейин тазаланбай турду. Суу алынды, суунун составы аныкталып, бир гана ылайланып калгандыгы далилденди. Адам өмүрүнө зыян келди деген далилдер жок, бирок суу кирдеп турду. Экологияга келтирген таасири биз тараптан көзөмөлгө алынып турат, эгер быйыл иштей турган болсо, дамбаларын бүт тазалатып анан ишке берүүгө макулдук беребиз.»
Негизинен кен казылуучу жер Панфилов районуна тиешелуу бирок Суусамыр эли колдонгон суу булганып жаткандыгына байланыштуу кошумча социалдык пакеттин негизинде жардам берилип келет. Дотациялык айыл окмот болгондуктан Откон 2016-жылы Суусамыр айылдык бюджетине ордун толтуруу максатында компания тарабынан 3 млн сом берилген дейт Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев:
«Албетте, мунун оң жагы жана терс жагы дагы бар. Оң жагы бул Суусамыр айыл өкмөтү дотациялык болгондуктан, кошумча жардамдарын алып, айыл эли үчүн пайдалуу теxникаларды сатып алдык. Терс жагы экологияга зыян келип, суубуз кирдеп жатат. Айыл ичинде бул чоң талаш нерсе, бири айтса мейли каза берсин деп, экинчиси каршы болууда. Быйылкы жылы иштейбиз деп келе элек, эгер келсе айыл тургундары менен чогуу чечип анан беребиз. »
“Элко Сервис”компаниясынын айтымында быйыл 2017-жылы Кара Булак кен казуу жайында алтын казуу жана чайкоо иштери жүргүзүлөрү чечиле элек. Бул компаниянын каражат маселесине байланыштуу дешет.
Бул макала Европа биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Макаланын мазмуну Европа биримдигинин көз карашын чагылдырбайт жана жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат
Анарбек Калдыков