Суусамыр айылында 20-майда беш мектептин окуучуларынын арасында өткөрүлүп жаткан “Акыл ордо” интеллектуалдык долбоорунун финалы болуп өттү.
Сынакта беш мектептин эң мыкты деп тандалып алынган окуучулары таймашышты. Финал Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылында өткөрүлүп, ар тараптан окуучуларды колдоп күйөрмандар келишти. Оюн үч турдан туруп, эки саатка созулду. Ар бир турда аз упай топтогон окуучу оюндан четтетилип жатты.
Өтүлүп жаткан “Акыл ордо” долбоорунун демөөрчүсү, Жогорку Кенешинин депутаты Тынчтык Конушбаев төмөндөгүлөргө токтолду:
«Бүгүнкү өтүлгөн “Акыл ордо” долбоору абдан жакшы денгээлде өттү. Бул долбоордун келечеги абдан чоң. Буюрса долбоордун 5 жылдык, 10 жылдык юбилейлерин эң мыкты деңгээлде өткөзөбүз. Анткени биз көрүп жатабыз бул долбоор абдан жакшы жыйынтыктарды берди жана берип жатат, биз буга күбөбүз. Ошондуктан мен бул долбоорду колдоп жатам. Мен ушуга окшогон эң мыкты долбоорлор болсо колдогонго даярмын», — деп билдирди эл өкүлү.
Акыл ордо сынагында окуучуларга предметтик жактан ар кандай суроолор берилип, логикалык ой-жүгүртүүнү текшерүү багытындагы суроолор да болду. Жыйынтыгында Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин намысын коргоп чыккан 11-классынын окуучусу Адамаалы Бакыт уулу жеңишке жетишти. Ал бул сынакка эки жылдан бери даярдангандыгын айтты.
“Мен бул долбоорго абдан көп убакыт даярдандым. Ошонун аркасында жеңишке жетишип жатам десем болот. Сынакта жеңил дагы оор дагы суроолор болду. Бар күчүмдү жумшап жеңишке жетүүгө аракет кылдым. Абдан толкунданып жатам, кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Мен бул сынактан бир ишти баштоо эч качан кеч эместигин билдим. ”
Оюнга катышкан баардык окуучуларга ардак грамоталар, баалуу белектер тапшырылды. 1-орунду багындырган Бакыт уулу Адамаалы ардак грамота, кубок, ноутбук менен сыйланды.
Ал эми башка окуучуларга фотоаппарат, акылдуу саат, сумкалар ыйгарылды.
Муну менен катар жеңүүчү деп табылган окуучуга “Келечек+” гезитинин ушул жылы өткөрүлө турган республикалык “Акыл ордо” оюнуна жолдомо берилди.
Бул туурасында “Келечек+” гезитинин Чүй облусу боюнча координатору Ибрагим Кадырмаматов төмөндөгүлөрдү айтып өттү:
“Бүгүн Суусамырда улуттук маданиятты баалоо боюнча абдан жакшы иш-чара болуп өттү. Биз мындай иш-чараларды дайыма өткөрүп, балдарды эмгекке, талыкпай билим алууга үндөй турган терең тарбия берүү бүгүнкү күндүн талабы. Акыл ордонун максаты дал ушул түшүнүктөрдү камтыйт. Буга окшогон иш-чараларды биз республиканын баардык булуң-бурчуна таратышыбыз керек.”
Сынакты көргөнү келген айыл тургуну Нурматбек Ашыралиев долбоор туурасында өз ою менен бөлүштү:
“Бул Акыл ордо долбоору Тынчтыкбек Конушбаевдин эң жакшы өткөрүп жаткан долбоорлорунун бири десем болот. Бул нерсе менен окуучуларды билимге тартып жатат. Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирип кетем. Ал эми бүгүн менин уулум Нурматбек уулу Бектур бул сынакта 3-орунду багындырды. Бул деле жаман жыйынтык эмес. Буюрса башка дагы балдарымды бул конкурска катыштырууга аракет кылам.”
Андан тышкары бул саамалыкта ошол эле Тынчтыкбек Конушбаев демөөрчүлүк кылып жаткан “Парламент сүйлөйт” радиовикторинасынын жеңүүчүлөрүнө да баалуу белектер тапшырылды. Бул радиовикторинанын уюштуруучусу болуп “Суусамыр FM” радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова болуп саналат.
Эң мыкты президент, министр деп тандалып алынган 5 окуучу 1 жыл ичинде жасаган иштери боюнча маалымат берип, электрондук китепче менен сыйланышты.
“Парламент сүйлөйт” сынагында “Эң мыкты билим-илим министри” наамын жеңип алган, Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин окуучусу Мээрим Токтогулова:
“Парламент сүйлөйт сынагынан мен өзүмдү окууга мотивациялай турган көп нерселерди алдым. Алдыга ишенимдүү кадам таштаганга жаңы нерселерди берди деп айтсам болот. Сынакты уюштургандарга, колдогондорго ыраазычылык билдирем”.
Өткөрүлүп жаткан сынактардын демөөрчүсү Тынчтыкбек Конушбаев бул долбоорлор токтоп калбастан алдыда мындан да эң мыкты деңгээлде өткөрүлө тургандыгын, эмдиги жылы буюрса мугалимдерге да арналган сынак уюштурууларын айтып өттү.
Быйыл Акыл ордо сынагы экинчи жолу өткөрүлүп жатат.
Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы