Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы Б. С. Шаршенбаев атындагы №43 лицейде көп жылдан бери күтүлгөн капиталдык оңдоо иштери башталып, жылытуу системасы толугу менен жаңыланды. Бул иштер лицейдин окуучулары менен мугалимдери үчүн коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү шарттарын түзүү, ошондой эле окуу жана кызматтык бөлмөлөрдө күз-кыш мезгилинде туруктуу жылуулук режимин камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.
Долбоордун уюштуруучулары жана каржылоосу жөнүндө айтсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-граждандык курулуш департаментинин «Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы» болду. Ал эми долбоорду ишке ашыруу боюнча «Аперикон» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) подрядчы катары тандалган. Контракттык келишимдин жалпы суммасы 10 496 246 сом болуп, бүгүнкү күндө иштер толугу менен аткарылып бүттү. Жылытуу системасын оңдоо иштери 2025-жылдын февраль айынан тартып бекитилген графикке жана сметалык документтерге ылайык жүргүзүлүп, бардык курулуш-техникалык талаптар сакталды.

Б.С.Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейде жылуулук системасын орнотуу учурунда
Жылдар бою чечилбей келген көйгөй
№43 лицейде жылытуу системасы акыркы 30 жылдан бери иштебей келген. 1976-жылы орнотулган эски система толугу менен жарактан чыгып, окуу жай электр жылыткычтарынын эсебинен гана иштеп турган. Бул абал жыл сайын техникалык коопсуздук эрежелерин сактоого тоскоолдук жаратып, электр энергиясынын чыгымын көбөйткөн. Кээ бир кыш мезгилдеринде температура өтө төмөн болгондуктан, сабактар кыскартылып өткөрүлгөн учурлар да болгон. Мындай шартта сапаттуу билим берүү, окуучулардын ден соолугун сактоо жана окуу процессин үзгүлтүксүз жүргүзүү дээрлик мүмкүн эмес эле.

Б.С.Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейдин директору Нурсултан Жаныбек уулу
Бул боюнча №43-кесиптик лицейдин директору Нурсултан Жаныбек уулу кенениреек айтып берди; «Жаңы жылытуу системасы орнотулгандан кийин, социалдык мааниси жана келечекке таасири өтө чоң. Учурда лицейдин окуу бөлмөлөрүндө жана жатаканасында туруктуу температура сакталып калды. Лицейдин окуучулары үчүн коопсуз жана ден соолукка пайдалуу шарт түзүлүп, мугалимдер үчүн да иштөө ыңгайлуу болууда. Мындан ары лицей электр жылыткычтарын колдонуу зарылдыгынан арылып, энергия үнөмдөө режими ишке кирет деп ишенебиз. Бул иш чара мамлекеттик бюджеттин эффективдүү пайдаланылышына да өбөлгө түзөт.» деп билдирди №43-кесиптин директору Нурсултан Жаныбек уулу.

Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдин мурдагы директору Бакыт Темиралиев
Бул көйгөйдүн чечилиши үчүн зор эмгек сиңирген адам — лицейдин мурдагы директору Бакыт Темиралиевдин демилгеси жана күрөшүн айта кетпесем болбойт. Ал жыл бою жылуулук системасынын маселесин чечүү үчүн тынымсыз аракет көрүп келген экен. Былтыркы 2024-жылы Бакыт Темиралиев лицей жамааты менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Каржы министри Алмаз Бакетаевге жана тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий кат менен кайрылган. Ал катта лицейдеги оор абал, окуучулар үчүн түзүлгөн кооптуу шарттар жана жылытуу системасын калыбына келтирүү зарылдыгы кеңири негизделип жазылган. Бакыт Темиралиев өз демилгеси менен маселени бир нече жолу жеринде көрсөтүп, документтерди, техникалык актыларды жана сметаларды даярдоого жеке катышкан. Ал гана эмес, министрлик, жергиликтүү бийлик жана курулуш башкармалыктары менен болгон жолугушууларда лицейдин атынан чыгып, долбоордун зарылдыгын жүйөлүү далилдеп келген.Анын үзгүлтүксүз аракетинин жана жамааттын биримдигинин аркасында жылдар бою чечилбей келген маселе акыры мамлекеттик деңгээлде каралып, долбоор үчүн каражат бөлүнгөн. Жергиликтүү тургундардын жана мугалимдердин айтымында, дал ушул Темиралиевдин принципиалдуу туруму жана жарандык активдүүлүгү аркасында лицейге жаңы дем берилип, бүгүнкү капиталдык оңдоо иштери ишке ашты.

Оңдоонун жүрүшү жана аткарылган иштер
Капиталдык оңдоо иштери 2025-жылдын февраль айынан тартып жүргүзүлүп, подрядчы уюм тарабынан курулуш жана коопсуздук нормалары толук сакталды.
Оңдоо төмөнкү объекттерди камтыйт:
• окуу корпусу жана спорт залы;
• жатакана имараты;
• отжагуучу жайдын имараты;
• ички жана тышкы жылуулук тармактары.
Иштин жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды:
• эски радиаторлор жана түтүктөр демонтаждалды;
• система накиптен жана даттан тазаланды;
• жаңы металл жана полипропилен түтүктөр орнотулду;
• жогорку жылуулук кайтаруучу радиаторлор коюлду;
• жабуучу арматура жана желдетүү жабдуулары жаңыланды;
• система сыноодон өткөрүлүп, ишке жөнгө салынды;
• подвал жана чатыр бөлүктөрү жылуулук изоляцияланды.

Жаңы-Жер айылындагы №43 лицейдин жылытуу системасын капиталдык оңдоо — бул жөн гана курулуш долбоору эмес, бул билим берүү мекемесинин тарыхындагы бурулуш учур. 25 жыл бою суукта иштеген мугалимдер менен окуучулар эми жылуу, жарык жана коопсуз шартта билим алышат.
Турсун Омуралиева