Сокулук районуна караштуу Жаны-Жер айылында жайгашкан Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейинде аккредитацияга даярдык боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Бул иш-чараны үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин атайын түзүлгөн комиссиясы текшерди. Комиссиянын курамында болгондор, Эсенкулова Аида Зарылбековна — Департаментинин билим сапатын камсыздоо бөлүмүнүн директору (ДКО), Тагаева Наталья Ивановна — билим сапатын камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси (ДКО), Ташматова Гульмира Темировна — окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (УУ), Абылкайыров Токтобек Эрнисбекович — инженер-программист Айта кетсек, текшерүүнүн негизги максаты — лицейдин билим берүү ишмердигин мамлекеттик аккредитациядан өткөрүүгө даярдыгын баалоо жана анын учурдагы мыйзамдарга, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына жана тиешелүү нормативдик актыларга шайкештигин аныктоо болду.
Текшерүүнүн багыттары
Кадрдык камсыздоо
Окуу-усулдук документация
Нормативдик-укуктук камсыздоо
Материалдык-техникалык база
Маалыматтык чөйрө жана электрондук ресурстар
Билим берүүнүн натыйжалары
Ички сапатты баалоо системасы
Комиссиянын мүчөлөрүн лицейдин директору Жаныбек уулу Нурсултан жана өндүрүштүк окуу жана методикалык иштер боюнча директордун орун басары Астра Назарматова тосуп алышты. Алар лицейдин ишмердиги, структурасы жана окутуу процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти.

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Б.С.Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейдин директору Нурсултан Жаныбек уулу
Нурсултан Жаныбек уулу: -“Урматтуу комиссия мүчөлөрү, улуу мугалимдер жана студенттер!
Биздин лицей бул жылы билим берүү сапатын жогорулатууга жана окуу процессин заманбап стандарттарга шайкеш келтирүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бүгүнкү мониторинг — биздин жетишкендиктерибизди көрсөтүүгө жана андагы кемчиликтерди көрүп, жакшыртуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Биздин бардык кызматкерлер жана студенттер бул процесске толук берилгендик менен катышышты. Мага айтылган сын пикирди мен баалшуу тажрыйба жана өнүгүүгө негиз катары кабыл алам. Ошондуктан бугункү сиздердин бааңыздар жана сунуштар — биз үчүн баалуу тажрыйба жана өнүгүү үчүн негиз болуп саналат.”

Сүрөттө; №43-кесиптик лицейдин директору комиссиянын курамы менен жолугушуу учурунда
Комиссия мүчөлөрү лицейдин материалдык-техникалык базасы, окуучулардын практикалык сабактары, лабораториялар жана кабинеттери менен жакындан таанышышты. Тигүүчүлүк, ашпозчулук жана ветеринардык кесиптер боюнча сабактардын өтүлүшүнө күбө болушуп, окуу процесси менен студенттердин активдүүлүгүн жогору баалашты.
Текшерүү маалында тигүүчү кесиби боюнча устат Нургүл Абылкасымова , ашпозчу-кондитер багыты боюнча устат Динара Абакова сабак өтүп жатышкан учурда комиссиянын курамы алардын иш усулу менен таанышты. Ошондой эле жалпы билим берүү сабактарына да өзгөчө көңүл бурулуп, сергек жашоо мүнөзү сабагынын жүрүшү көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, комиссия мал-жандыктарды тейлөө (ветеринария) кабинети жана тренажёр залы менен да таанышып, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттарга жакшы баа берди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы
Педагогдордун курамы 100% толук комплекттелген, мугалимдер тиешелүү квалификацияга ээ;
Окуу программалары мамлекеттик стандарттарга ылайык иштелип чыккан;
Бардык ички жоболор учурдагы мыйзамдарга шайкеш келтирилген;
Материалдык-техникалык база заманбап талаптарга жооп берет;
Маалыматтык жана электрондук чөйрө толук кандуу иштейт;
Окуучулардын жетишкендиктери туруктуу жогорку деңгээлде.

Комиссиянын сунуштары
1. Айрым ички жоболорду жаңыртуу жана тактоо;
2. Ички сапатты баалоо механизмин өркүндөтүү;
3. Материалдык-техникалык базаны мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу.

Текшерүүнүн жыйынтыгында №43 кесиптик лицей мамлекеттик аккредитациянын негизги талаптарына толук жооп берет жана аккредитация процедурасын өткөрүүгө даяр деп табылды. Бул ийгилик лицейдин жетекчилигинин, педагогдордун жана жалпы эмгек жамаатынын тынымсыз эмгегинин натыйжасы болуп саналат.
Турсун Омуралиева