Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чолпон-Ата айылындагы Күн-Тийбес деген жерде муз аянтча ачылды.Балдар учурда кышкы эс алуусун муз тээп өткөрүп жатышат. Муз аянтчаны айыл тургуну Нурланбек Отунчиев өз бакчасына ачкан.
Муз аянтчаны Чолпон-Ата айылынын тургуну Нурланбек Отунчиев өз үйүнүн эшик алдындагы огородуна ачкан. Ага муз аянтчаны ачуу идеясы районго балдарын алып барып муз тептирип келип жатканда пайда болгон. 6 баласы бар Нурланбек мындай мүмкүнчүлүк айылдыктарга да жеткиликтүү болуусун каалганын айтат:
«Мен бул жерде үй-бүлөм менен турам алты балам бар. Келинчегим экөөбүз Токтогул шаарындагы муз аянтчага барып, балдарыбызды ойнотуп өзүбүз дагы аябай кызыгып келдик. Биз дагы айылга балдарыбызга ачып берсек окшойт деп ойлондук. Аты айтып тургандай эле бул жерге күн тийбейт, суунун жээги болгондуктан суук катуу болот. Эшиктин алдында 15 сотых жерим бар ошол жерге трактор алып келип түздөп, таштарын алып айланасын тостум. Сууну болсо булактын суусун насос менен тартырып алып келип сууну тондурдук. Керек Жалпы каражат 200 миң сом болду ага керектүү темирлерди, лампокаларды жана бут кийимдерди сатып алдык. Балдарыбыз менен чогуу келинчегим экөөбүз дагы коньки тепкенди да үйрөнүп жатабыз»- дейт муз аянтчанын ээси Нурланбек Отунчиев.
«Мен Чолпон-Ата айылында жашайм экинчи курстун студентимин. Ушул убакка чейин коньки тепкенди билбейт элем. Бош убактымда инилерим, досторум менен келип 2-3 саат ойноп коньки тээпкенди да үйрөнүп алдык. Айылдын жаштары, окуучу кыздар,балдар келип коньки тээп ойноп эс алып кетип жатышат. Муз аянтчанын ачылганы жакшы болду, себеби ден соолукка пайдалуу жана таза абада дем алып, достор менен убакытты туура өткөрүп жатабыз» — деп ойлойм дейт Кайрат Анаркулов.
Даярдаган: Азема Сабырбекова