Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Чолпон айылында жайгашкан Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде семинар болуп өттү. Бул иш-чарада мугалимдерге PISA 2025 тестирлөө программасынын максаты жана структурасы боюнча кеңири маалымат берилди. Окуучулардын аналитикалык жана логикалык ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү технологиялык методдор аркылуу ишке ашырылары баса белгиленди.
Семинарда мугалимдер технологияны колдонуу аркылуу окуу процессин жакшыртуу боюнча талкуу жүргүзүшүп, билим берүү процессинде ар түрдүү ресурстарды натыйжалуу пайдалануу ыкмаларын үйрөнүштү. Ачык сабактар өткөрүлүп, виртуалдык лабораториялар жана ачык билим берүү платформалары сабактарды интерактивдүү жана кызыктуу кылуудагы ролу көрсөтүлдү.
Бул семинар мектеп мугалимдерине заманбап ыкмаларды колдонуу боюнча чоң мүмкүнчүлүк берип, билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп калды.
Асема Сүйүндүкова