ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбооруна тартылган максаттуу 48 жана долбоорго кирбеген 22 мектептердин китепканачыларына 23-апрель «Эл аралык китеп күнүнө» карата семинар болуп өттү.
Аскат Алимбеков-ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбоорунун Жалал-Абад областындагы координатору:
«Азыркы учурда бизде «Окуу керемет» долбоору боюнча облусундагы жалпы максаттуу мектептердин китепканачылар үчүн кадимки режимде семинарлар болуп жатат. Бүгүн Базар-Коргон районунда семинарга китепканачылар катышты. Бул семинардын негизги максаты китепканачылар тарабынан башкаталгыч класстарындагы окуучуларга класстан тышкаркы иштерди уюштуруу болуп эсептелет, андан сырткары бир топ иш-чараларды биз долбоор тарабынан сунуштадык. Сунушталган иш-чараларды мектептин базасында китепканачылар аркылуу окуучуларга, ата-энелерге жана коомчулукка жеткирүү жана өткөрүү.
Биздин Жалал-Абад облусунда негизинен 12 район шаарыбыз бар, ошол район, шаарларынын баардыгыда китепканачылар үчүн семинарлар өтүп жатат. Семинардын аталышы «Окуу керемет» долбоору тарабынан максаттуу мектептерге багытталган, башталгыч класстардын окуу жана математикалык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруу.
Биз долбоордун алкагында өтүп жаткан иш-чаралардан күтүлүүчү натыйжалар: балдардын окууга болгон математикалык ой-жүгүртүү деңгээлдерин жогорулатуу менен биргеликте ушул класстан тышкаркы иш-чаралардан алган билимдерин, көндүмдөрүн, турмушта колдонуп, кадимки окуу сабакта айкалыштыруу менен билим сапатын жогорулатуу болуп эсептелет. Андан сырткары ушул долбоор тарабынан берилген кошумча китептер аркылуу балдардын дүйнө-таанымын кеңейтүү»,-деди Алимбеков
«Бүгүнкү Базар-Коргон районунда өтүп жаткан семинардын катышуучулары аябай активдүү катышып жатышат, бул жерде ушул «Окуу керемет» долбооруна катышкан мектептин гана китепканачылары эмес биздин долбоорго камтылбай калган мектептин китеп каначылары да кызыгуу менен келип катышып жатышат. Мен ойлойм китепканачылар өзүнө керектүү, пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды алды деген ойдомун.»-деп билдирди Аскат Алимбеков.
«9 улуттук тренер Базар-Коргон районунан алынган, учурда башталгыч класстар жана китепканачылар онлайн формасында «Окуу керемет» долбоорунун программасында ар бир ишемби күнү видеоконференциялар өткөрүлүүдө. Графиктин негизинде сабакты байкоо реалдуу түрдө жүргүзүлүүдө.
Долбоордун максаты адабий окуу көндүмдөрүн жана математика көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Адабий китептерди ар кандай предметтерде пайдалануу аркылуу жана долбоордун стратегиялары менен мугалимдер сабак өтүшүүдө. Район боюнча бүгүнкү семинарга 48 мектеп тартылды.»-деди райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Нургүл Нуралиева.
Гүлмэрим Масабирова Улуттук тренер:
Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара китепканачылар үчүн аябай кызык жүрүп жатат. Китепканачылар окуу лагери боюнча маалыматтарды алып, ушундай иш-чаралар көбүрөөк өткөрүлүп турса деген ойлор болду. Бул иш-чарада китепканачылар кантип окуу лагерлерин уюштуруу керектигин, ишти кандай кылып жүргүзүүсү жөнүндөгү кеңири маалыматтарды алышты деп айтсам жаңылышпайм. Дагы кызыктуу ойлорду айтып, пландап жатышат, буйруса бул жайкы каникул маалдарында дагы ушундай окуу лагерлерин уюштурабыз деген ойлорун айтышты».
«Мен «Окуу керемет» долбоорунун катышуучусумун, мугалим болуп иштейм. Бул семинарды аябай сонун өтүштү, окуу лагери боюнча иш-чараларды өтүп жатабыз. Ушул семинарды өткөн агай-эжекелерге чоң ыраазычылыгымды билдирем.»-деп билдирди семинардын катышуучусу Бел-Терек мектебинин китепканачысы
Семинардын жүрүшүндө райондогу тогуз улуттук тренерлер китепканачылар менен биргеликте иш алып барышты.
Гулназ Камбарали кызы, Айдай Жапарова