Акыркы айларда өлкөдө Ковид-19 илдетин жугузгандар азайып, эпидемиологиялык абал турукташа баштады. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Бирок санитардык эрежени сөзсүз сакташыбыз керек, анткени арабызда ооруган адамдар жок эмес. Учурда жалпы Кочкор районунда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Кара-Суу айылындагы №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Асанбүбү Садыкова бизге төмөнкү маалыматтарды берди.
Дарыгер Асанбүбү Садыкова:»Айыл тургундарын вакцина алууга чакырып кетем»
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык
-Айтсаңыз, айылда канча адам жашайт?
-Кара-Суу айылында 3 миңден ашуун адам жашайт. Биз алардын ден-соолугуна кам көрүп келебиз. Ушунча адамды 1 дарыгер, 4 медайым тейлейбиз.
-Айылдагы эпидемиологиялык абал тууралуу айта кетсеңиз?
-Жакшы суроо бердиңиз. Айылда абал жакшы, эң жакшы деп айтсак да болот. Акыркы бир айда бул илдет менен бир да адам кайрылган жок. Негизи эле быйыл ооругандардын саны былтыркыдан аз болду, мунун себеби көпчүлүк жарандар вакцина алышты, экинчиден жарандар оорудан сактануунун жолдорун үйрөнүп калышты.
-Буга чейин ооруп кайрылгандардын жаш өзгөчөлүгү кандай болду?
-Көбүнчө бизге орто жаш жана улгайып калган адамдар көбүрөөк кайрылышты, жаштар дээрлик болгон жок. Арасынан иммунитети күчтүү адамдар ооруну жеңил көтөрүштү. Келген бейтаптардын бардыгына жардам берип жаттык.
-Чоң рахмат, ишиңизге ийгилик.
«Бизге келген ар бир жарандын дене табын өлчөп, сатурациясын текшерип турабыз»
Ушул эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Елена Абиева төмөнкү маалыматтарды берди:
«Азыр бейтаптардын келүүсү кыйла азайды, көбүнчө башка оорулар менен кайрылгандар. Май айынан баштап август айына чейин айылыбыздын тургундары эмдөөдөн өтүштү (албетте баары эмес ), август айынан баштап илдет басаңдап, учурда Ковид-19 менен катталган адамдар жок. Айыл жашоочулары эмдөө ала баштагандан кийин оорунун көрсөткүчү төмөн түштү. Жайында күндүзгү стационар бөлүмү ачылган, анын жабылганына бир ай болду».
«Айылдаштарыма ден-соолук каалайм»
Ал эми айыл тургуну, такси кызматында иштеген Абдыгул Сулайманов менен баарлашканыбызда, ал буларды айтып берди:
«Көп жылдан бери таксист болуп иштейм. Айылдан райондун борборуна эл ташыйм. Эл арасында коронавирус менен ооруган адамдар жок деп ишенимдүү айта алам, анткени көпчүлүк менен иштейбиз, акыркы бир ай ичинде бир да адамды ооруканага жеткирген жокмун.»
Бакыт Кожокматов