Суусамыр айыл аймагында акыркы 5 айдын ичинде COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 430 адамды түзөт. Бүгүнкү күндө айылда вируска чалдыккандар кыйла азайды.
Суусамыр айылдык оорукананын санитардык дарыгери Табылды Бөтөгөев айылдагы эпидемиологиялык абал тууралуу төмөндөгүлөдү айтты:
Суусамыр айылдык оорукананын санитардык дарыгери Табылды Бөтөгөев
«Суусамыр айыл аймагында ковид башталгандан тарта эле эпидемиологиялык абал курч болду. Айылдын 70% чейин тургундары ооруду. Акыркы 3 айга караганда бул айда ковидке чалдыккан адамдардын саны басаңдады.
Мекемелерди дезинфекциялоо учуру
Мындан тышкары ар тараптан элдерге санитардык эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. COVID-19 илдети күч алып турганда мекемелерге барып дезинфекциялап колубуздан келген аракеттерди кылып жаттык».
1-Май айылдык ФАПтын фельдшери Лида Аширбекова COVID-19 вирусуна каршы вакцина боюнча түшүндүрүү иштери болуп жаткандыгын билдирди:
1-Май айылдык ФАПтын фельдшери Лида Аширбекова
«1-Май айылында сентябрь айынан тарта вируска чалдыккандар басаңдады. Көп элдер COVID-19 вирусуна каршы вакцина боюнча социалдык тармактардан таркаган жалган маалыматтарга ишенип алышууда. Бирок вакцина боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Айылдагы мугалимдер эмдөөнү толук алып бүтүштү. Кары- картандар дагы вакцина алып жатышат».
Ал эми Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Сейиткулов айтымында бүгүнкү күнгө чейин ковидке каршы айылдык штаб иш алып барып жаткандыгын жана элдерге вакцина, ковид боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.
Айдана Токтобекова