Кыш айларынын келиши менен сасык тумоонун мезгили да башталат. Кочкор айыл аймагында сасык тумоо оорусу басаңдап калган учуру.
Кочкор районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун стационардык жардам боюнча директордун орун басары Алима Артыкбаева сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалы менен тааныштырып кетти:
«Жыл сайын, кыш мезгили келээри менен балдарда, мезгилдүү сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйүп ооругандар көп болду. Мындай көрүнүш айрыкча бир жаштан беш жашка чейинки балдарда байкалды. Биздин ооруканага оор абалдагы балдарды алып келишет, жеңил жана орто оор бейтаптарды амбулатордук дарылоого жиберебиз.
Аймактык оорукана
Кочкор айылындагы аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшү үчүн ачылган «кызыл зонасында» сентябрь айынын ортосунда өпкөсү кагынган жана ОРВИ оорусу менен жабыркаган балдарга, кошумча орун даярдап кабыл алып баштадык.
Көбүнчө пневмония оорусу менен ооругандар басымдуулук болушту. Мисалы, 12 орундук жугуштуу оорулар бөлүмүнөн тышкары терапия бөлүмүнө кошумча орун койка, дарыгерлер, медайымдарды даярдадык. Ошондой эле ар-дайым күнү-түнү менен күзөттө турушту.
Бүгүнкү күнгө карата статистика боюнча карасак, балдар бөлүмүндө 8 бала дарыланып жатат, бардыгы бир жашка чейинки балдар. 2021-жыл ичинде жугуштуу оорулар бөлүмүндө 14 жашка жете элек 585 бала ар кандай оорулар менен дарыланышкан.»
Сасык тумоонун жана Ковид-19 кандай белгилери менен айырмаланат?
Сасык тумоо — бул вирустук түрдөгү респиратордук, инфекциялык жана жугуштуу оору, анда вирустун ар кандай түрлөрү жогорку дем алуу жолдоруна жугат. Эң белгилүү клиникалык белгилери бул дене табы көтөрүлөт (38 градустан жогору), мурундун бүтүшү, чүчкүрүү, жөтөл, табиттин жоголушу жана баш оору, дене, тамак, булчуңдар оорусу.
Сасык тумоодон дарылануу жана башка кандай коргонуу жолдору бар?
Сасык тумоону айыктыруучу эффективдүү дарылоо жок, организм вирусту жок кылышын күтүүгө туура келет. Бирок, гриппке каршы вакцина бар, алар биздин эң мыкты коргоочубуз. Ошондуктан эмдөөдөн өтүүнүн эң жакшы жана оңой жолу.
Ошондой эле, 19-январь күнүнө карата сасык тумоо оорусу менен ооругандар Кочкор айылынын аймактарында азайып, төмөндөп калгандыгын директордун орун басары Алима Артыкбаева белгиледи..
Рысбек кызы Керез, Түмөнбаева Сюита