Кочкор салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» аттуу лотереясынын алкагында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Салык кызматынын Кочкор райондук башкармалыгы менен бирдикте «Казынага салым кошуп, ардактуу атуул бол» жана «Мамлекеттин бюджетин колдоп, мыкты мекеме бол» деген аталышта акция башталды.
Акцияда жарандар өздөрүнүн активдүү жарандык позициясын көрсөтүп, эң көп лотерея билетин топтогон жаранга Нарын облусунун Ардактуу атуулдугу, Кочкор районунун Ардактуу атуулу, мекеме арасында эң мыкты деген наам, акчалай сыйлыктар, облустук жана райондук ардак грамоталар менен сыйланышат.
Акциянын эң башкы максаты:
Өтүлүүчү акция Кочкор районунун жарандарына гана тиешелүү жана акция 2022-жылдын 1-ноябрнан 29- декабрдын саат 18:00нө чейин ишке ашырылышына Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кочкор Салык кызматынын башкармалыгы белгилеп кетишти.
Канайым Мирланова, Асема Молдошева