Нарын шаарында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча чемпионатта, алты жаштан 17 жашка чейинки райондун бардык аймактарынан улан-кыздардын ичинен Кочкор айылынын жаш тургуну, Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын 3- классынын окуучусу Нарын обласынын шахмат боюнча чемпиону болду.
Бүгүн Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев 7-9 ноябрь күндөрү Нарын шаарында шахмат боюнча чемпионатта 1- орунду камсыз кылган жаш оюнчу Эржан Болотбековду жана машыктыруучу Венера Жакыпованы чоң жетишкендиги менен жана райондун намысын коргоп келгендиги үчүн чоң ыраазычылык билдирип, куттуктап кетти.
Эржан Болотбековду шахмат боюнча даярдаган машыктыруучусу Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин кыргыз тил жана адабиятынын мугалими Венера Жакыпова Нарын обласынын шахмат боюнча чемпиону жөнүндө кийинки сөз кылды:
«Эржан мага 1-класста шахмат менен машыгам деп келген. өзү абдан зээндүү, тың, аракетчил бала. Өзүнүн күчү, логикалык жөндөмдүүлүгү менен облустук шахмат боюнча тандоо турунан жеңишке жетип, республикалык чемпионатка жолдомо алды.