Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебине «Таалайбек Курткаев» атындагы фонд демөөрчүлүк кылды. Фонддун жетекчиси Майрамкүл Байтерекова. Белгилей кетсек бул фонд райондун бардык аймактарына колдоо көрсөтүп келет.
Аталган фонд тарабынан 3 тонна картошканын жана 2 гектарга арпанын үрөнү берилди. Бул тууралуу Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин директору Болот Бообек уулу билдирди. Жалпысынан мектептин 3 гектар үлүш жери бар. Ал эми айылдагы трактору бар жарандар жерди бекер айдап берип колдоо көрсөтүштү.
Акжолина Асаналиева