6-декабрда Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүндө «Жергиликтүү коомчулук тарабынан жайыт ресурстарын сактоо» долбоорунун алкагында семинар-тренинг өткөрүлдү.
Семинарга Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев, «Кыргыз жайыты» ассоциациясынын төрагасы, Жергиликтүү кеңештин депутаттары, Айыл өкмөт башчылары, жайыт комитеттеринин төрагалары, Нарын жана Жумгал райондорунан келген адистер жана медиа өкүлдөрү катышты.
Иш- чаранын негизги максаты Нарын облусунун Кочкор районудагы Чолпон айыл аймагынын тажрыйбасынын негизинде жергиликтүү коомчулук тарабынан аткарылып жаткан жайытттарды сактоо моделин ишке ашыруу жана бул тажрыйбаны башка айыл өкмөттөргө жайылтуу болуп эсептелет.
Семинар-тренингди район башчысы Эрмекбай Алянович ачып берди
Кийинки сөздү Чолпон айыл аймагынын башчысы Урмат Өмүрбеков алып, слайд аркылуу иш-тажрыйбасы тууралуу кенен маалымат берди
ИСУР коомдук фондунун менеджери Анара Момунова: «Биз дайыма Чолпон айыл өкмөтү менен тыгыз иштешип келебиз».
Айылдык Кеңештин депутаттарынын өкүлү чыгып, айыл өкмөттө болуп жаткан алгылыктуу иштерге токтолуп кетти
Айыл өкмөт башчылары пикир алышууда
Семинар-тренингде жаш ишкер Орозобек Салмоорбеков кулпунай өстүрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү
Иш-чаранын экинчи бөлүгү аткарылып жаткан иштерди көрүү менен улантылды
Эгин тазалоочу бул аппарат гранттын эсебинен алынган. Ал дан өсүмдүктөрүнүн бардык түрүн тазалайт
Жаңы курулган бул вет.клиникада жылкыларды чиптөө малды эмдөө жана купкага салуу иштери жүргүзүлөт
Жасалма мөңгү сугат суунун тартыштыгын азайтуу максатында курулган
«Чолпон» жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы Тунук Токтомушев жасалма мөңгү тууралуу айтып берип ,келген меймандардын суроолоруна жооп берди
Семинардын катышуучулары эстеликке сүрөткө түшүштү
Бакыт Кожокматов