Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу болгон менен дүйнөдө кайрадан күч алганы байкалууда. Ноябрдын аягында Түштүк Африкада катталган Омикрон вирусу тездик менен башка өлкөлөргө тарап жатат. Бул вирус туурасында эмнелер маалым болду, аталган вирус эмнеси менен кооптуу Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асель Акымбаева кененирээк токтолот.
-Вирустун жаңы түрү боюнча эмнелер так белгилүү болду?
Бул коронавирустун жаңы мутация болгон түрү. Буткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул тынчсызданууну жараткан вирустун түрү деп эсептеп, омикрон деген грек алфавитинин 15-тамгасынан атап коюшту. Жакында эле Түштүк Африка өлкөлөрүнөн чыгып учурда 63 өлкөгө тарады. Бул штаммдын өзгөчөлүгү дагы так ушул тездик менен тарашында. Ошондой эле жаш курактагы 40 жашка чейинки адамдар ооруп жатат.
-Бул мутация кайдан пайда болгон?
Окумуштуулардын белгилешинде бул СПИД менен ооруган адамдын иммунитети алгыз болгондуктан, анын организминде мутация болду деген болжолдоолор айтылып жатат. Дагы бир варианттында ооруган адамдан үй жаныбарына жугуп анын организминде мутация болуп кайра адамга жукту деген варианттар дагы бар. Бирок, так изилдөөлөр азырынча жок.
-Эмне үчүн бул мутациялар тынчсызданууну жаратат жана алар вирустун касиеттерине кандай таасир этиши мүмкүн?
Бул коронавирустун жаңы эвалюциясы деп дагы айтылып жатат. Аткени бул өтө тездик менен тараганына карабастан жеңил өткөнү байкалды. Биздин коңшу мамлекетибиз Россида 2 кишиден аныкталган алар вакцина алгандыктан учурда абалдары туруктуу экени белгилүү болду.
-“Омикрондун” оору симптомдору кандай болот?
Эң алгачкы Ухань вирусунан айырмаланып мында тамак ачышуу, абдан чарчоо, дене сынгандай болуп бардык муун, сөөктөрдүн ооруганы байкалып жатат. Дагы бир өзгөчөлү жүрөктүн тез-тез согушу катталып жатат. Бирок бул штаммда мурдакыдай жыт, даам сезүү жоголбогону байкалган. Ошондой эле балдар арасында 15% учурда денеге кызыл тактардын пайда болуусу менен коштолору айтылууда.
-Вирустун жаңы түрүнө ПЦР тесттер жана вакциналар таасир бербей калышы канчалык ыктымал?
Бизде лабараториялар жок болгондуктан учурда анализдерди Новосибрск шаарына жөнөттүк. Аларды жыйынтыгы келсе белгилүү болот. Бирок буга чейинки штаммдарды ушул тесттер аныктап жаткан. Андыктан бул дагы табат. Ал эми вакцинаны сөзсүз түрдө алуу керек. Ооруга чалдыгып калган болсо дагы эмдөөдөн өткөндөрдө оору жеңил түрдө өтөт. Вакцина ала электерди алууга чакырам. Ал эми эмдөө башталганда эле вакцина алгандар болсо 2-жолу кайталап алуу убактысы келип калды. Учурда бизде 2023-жылга чейин жеткидей вакцина жетиштүү өлчөмдө бар.
Иммунитетти кантип бекемдөө керек?
Баланын иммунитетин кантип көтөрүү керек?
Ковидден кийин ден-соолукту кантип калыбына келтирсе болот?
Айгерим Кубатбекова