10-декабрь күнү Бишкекте Green EXPO 2021 көргөзмөсү жана “Жашыл экономика форуму – 2021″ болуп өттү. Иш-чара алкагында Кыргызстандагы ири компаниялар, финансылык институттар, ишкерлер жана активисттер долбоорлорун жана сунуштарын айтышты. Катышуучулар Кыргызстанда “жашыл экономиканы” бир канча багытта өнүктүрүү зарылдыгын билдиришти.
Green EXPO 2021 көргөзмөсү
Гулмира Аянова Нарын облусуна караштуу Баетов айылынын тургуну. Ал Бишкекте өткөн Green EXPO 2021 көргөзмөсү жана “Жашыл экономика форуму – 2021″ге атайын келип катышууда. Каарманыбыз айылындагы таштанды маселесин чечүү жана элдин экономикалык шартын жогорулатуу жолун издеп келген.
Гулмира Аянова
“Бизде эми маселе көп. Туура тамактануудан баштап, таштанды маселеси курч. Бул жеке эле мен жашаган аймакта эмес, жалпы Кыргызстандын көйгөйү болууда. Ичип бүтүп, сыртын туш келди ыргытып коюшат. Биздин акыл-эс деңгээлибиз кайсы бир деңгээлде жетишпей жатабы, билбейм. Бирок, глобалдуу деңгээлде таштанды маселеси чечилсе жакшы болот эле. Балким, элди окутуу керектир же акчага байлоо керекпи? Айтор, тез арада чечүү жолун таппасак биздин жашыл мамлекетибиз бозоргон кейипке келип бара жатат”.
Ошондой эле, энергетика тармагында элге түйшүктүү көйгөйлөр жаралып жатат деген Гулмира айым бул нерсени жашыл экономика аркылуу чечүүгө болот деген ишенимде.
Айыл чарба тармагында эмгектенген ишкер Анара Асадова органикалык азык-түлүк өндүрүүгө бел байлаган ишкерлердин бири. Ал өткөн жылы өзүнүн чарбасындагы 200 гектар жердин 50 гектарын органикага өткөргөн. Ишкер алдыңкы 5 жылда толугу менен органикалык азык-түлүк өндүрүүгө камданып жатканын билдирди.
Анара Асадова
“Кыргызстан сандык көрсөткүч менен рынокко чыга албаса дагы, сапаты менен өзгөчөлөнгөн органикалык азык-түлүктөрдү өндүрүп, дүйнөлүк рынокко чыгара алат деген ишенимде болуп турам. Анын ичинде өзүбүздүн элибизди дагы экологиялык жактан таза азыктар менен камсыздаш керекпиз. Эмнеге экспортко кетип жаткан азык-түлүктөрдү кайра артка кайтаруу болуп жатат? Анткени, анализ алганда эле маалыматтар ачык-айкын болуп калат. Биз өзүбүздүн чарбабызда башында органикага өтүп жатканда эле топуракка анализ кылганбыз. Азыр байкап жатабыз, топуракта азот табигый процесс менен иштелип чыгып жатат. Анализ кылмайынча бул нерселер билинбейт”.
Белгилүү ишкер Жумадил Эгембердиев жашыл экономиканын Кыргызстанда толук кандуу иштеп кетүүсүнө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн өлкө экологияга кылдат мамиле кылуу менен табигый ресурстарын колдоно алат дейт.
Жумадил Эгембердиев
“Экология деген чоң маселе бар. Экологияны сактап калуу аракети жашыл экономиканы талап кылат. Мисалы, жөнөкөй эле машиналарды алалы. Биз машиналарды бензин, солярка, дизель, газ менен айдап жатабыз. Күйүүчү майларды чет өлкөдөн алуу үчүн 1 млдр доллар коротулат экен. Кыргызстандын 95% — тоо. Биз мөңгүлөрдүн уюгунда жатабыз. Мөңгүнүн бардыгын гидро ресурска айлантсак, ар бир машинаны кубаттоого бизде мүмкүнчүлүктөр көп. 10 жыл болобу биз көмүр жакканды токтотуубуз керек. Анын ордуна, күндүн, шамалдын энергиясын пайдаланууну өздөштүрүү зарыл”.
Ишкерлер жашыл экономика тармагында өнүгүү экология, экономика, ден-соолук багыттарында позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келет дейт.
Касиет Кубанычбек кызы