Өлкөдө коронавирустун 3-толкуну жүрүп эмидемиологиялык абал оор болуп турат. Акыркы үч суткадан бери ооруга чалдыккандардын саны миңден ашууда. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Коронавирус өтө тез мутацияланганы менен коркунучтуу.
Учурда Индияда катталган «Дельта»жана «Дельта-плюс» штаммдары дүйнөнүн 90 ашык өлкөсүндө катталууда. Кыргызстанда бул түрүнун бар жогу изилденип жатат. Башка штаммга караганда индия штаммы тез тараганы жана илдет жугузуп алгандарда оор түрдө өтө турганы менен өзгөчөлөнөт. Республикалык ден- соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун ден- соолукту чындоо адиси эпидемиолог Асель Акымбаеванын айтымында вирус тирүү организм болгондуктан дагы жашоого көбөйүүгө болгон аракетин жумшап жатат:
“Вирус мутация болду. Мурда вирус өнөкөт оорусу бар, иммунитети төмөн адамдын организмине кирсе учурдагы жаңы түрү кандай гана адам болбосун ага кирип алып жашоого мүмкүнчүлүгү бар. Мындан улам жаштар арасында ооруга чалдыккандардын саны өсүүдө. Англиялык эксперттердин айтымында, бул штамм башкаларга караганда 60% жугуштуу.”
Асель Акымбаеванын белгилешине караганда вирустун жаңы түрү адамда оңой менен байкалбай суук тийген сыяктуу болуусу мүмкүн. Ошондой эле оорунун клиникалык белгилери дагы өзгөргөн:
“Коронавирустун британ штаммы дене табынын жогорулашы, тамак оору сыяктуу белгилер менен коштолсо учурда баштын катуу оорусу, ич өтүү дагы кошулду.”
Эпидемиолог Асель Акымбаева бардык жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Анткени вирустан коргонуунун бирден бир натыйжалуу жолу эмдөөдөн өтүү болуп саналат. Эмделген адам вирус менен ооруп калган болсо дагы илдет жеңил түрдө өтөрүн белгилешет:
“Азыр көпчүлүк беткап тагынбай жүрүшөт. Дайыма айтып келебиз бет кап тагынгыла, аралыкты сактагыла. Кээ бир адамдар оорубай элемин деп ойлогону менен эч кандай белгилери байкалбай вирусту алып жүрүүчүлөр болушу мүмкүн. Андыктан социалдык аралыкты кармоо, санитардык эрежелерди сактоо абдан маанилүү.”
Учурда жай мезгили болгондуктан эске алчу жагдайлар бар. Ысык туруп муздоого, өтө муздак суу, балмуздак жегенге болбойт. Мындай жол менен иммунитетти түшүрүп, суук тийгизип алуу коркунучу бар экенин эскертет Асель Акымбаева:
“Азыркы ысыкта эс алабыз деп сууга түшүшөт. Өтө ысып турганда муздак сууга түшүү иммунитетти алсыратат. Имарат ичинде кондиционер колдонууда дагы абайлаганга чакырат элем. Ар дайым суу ичкенде бөлмө температурасында гана ичүү керек. Ошондой эле толук кандуу тамактануу. Витаминдүү тамак-аштарды жегенге аракет кылуу керек.”
Айгерим Кубатбекова