Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучулары 26-апрель күнү Нарынга экскурсияга барып, Нарын шаарындагы музей менен таанышып чыгышты.
Куланак айылынын 7-8-класстарынын окуучуларынан түзүлгөн топту Нарын шаарына мектеп мугалимдери Элзада Иманкулова менен Кубан агай жетектеп барып келди.


Нарын шаарындагы ДНК музейинде иштеген жумушчулардын бири Канышай Русланова:
— Биздин музейге күнүгө окуучулар, улуу муундагы адамдар, жаштар келип турушат. Музейдин Бишкекте, дагы 2-3 жерде атайын кеңселерибиз бар, аларга дагы кардарлар барып музей менен таанышып турушат. Бүгүн биз атайын мектептердин алдыңкы окуучуларын чакырганбыз, алар дагы абдан кубанып жатышса керек. Күнүнө жүздөн ашык адам келип музейди көрүп кетишет.


Музейдеги химиялык айлануулар көгөзүлүп окуучуларды кызыктырды.



Бул экскурсияга барган окуучулар толкунданып, болуп сүйлөй албай жатышты.
Окуучулардын мындан кийинки окууларына ийгилик каалап кетмекчибиз.
Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев