Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтүндɵ айыл-айылдардан командалар түптɵлүп, Бекбоев Канат Талантбековичтин жаркын элесине арналган турнир болуп ɵттү.
Турнирге Кызыл-Туу, Исмаил, Кара-Сакал, Новь жана Токбай айылы катышты. Турнирдин уюштуруучулары Канат Талантбековичтин классташтары.
Апрель революциясынын катышуучусу Кыргыз Республикасынын Баатыры Бекбоев Канат 2001 -жылы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебин аяктаган.
Турнирге 8 команда катышып 4 командадан 2 топко бɵлүнүп оюн соңунда женичүүлɵргɵ акчалай сыйлыктар ыйгарылды. 1-орунду Исмаил айылы жеңип алды. Канат Талантбековичтин элесине арналып куран окулуп оюнчуларга ысык тамак уюштурушту.
Даярдаган: Тойчубеков Бектур