Сокулук районуна караштуу Жал айылынын жаш тургуну Элмир Элдияр уулу кубикти эки мүнөткө жеткирбей чогултат. Ал бул өнөрү менен айылдаштарын таң калтырып келүүдө.
Элмир Элдияр улуу кубик менен алектенгенине болжол менен бир ай болду. Ал кубикти досунан үйрөнүп кызыгып кеткен.
Ал сабактарын жакшы окуп, андан тышкары шахмат ийримине да катышат. Эң бат чогулткан убактысы 1 минут 1 секундду түзгөн. «Жал» медиа борборуна маек куруп жатып ал кубик-рубикти 58 секундада чогултуп, өзүнүн жаңы рекордун койду.
Даярдаган: Акыл Манасбек уулу
Редактору: Ууржан Молдокулов
Монтаж: Азамат Кубанычбек уулу, Дастан Жаркымбаев