Май айы Куланак эли үчүн оор айлардын бири болду. Анткени мал жандыктары пастереллёз жана шарп илдети менен майдан бери ооруп, азыркыга чейин дарылоо иштери жүрүүдө.
[soundcloud id=’157924908′]
Айылдын тургуну Жүрсүнбек Осмоналиев быйыл оору күчтүү болгондугун айтат. Бул илдеттен улам ал жалпысынан жети майда жандык жоготкон.
“Быйыл оору аябай күчтүү болду. Ушул убакта малдын оорусу кичине басаңдап калды. Ооруган малды биз 2-3 жолу дарыладык. Бизде жалпы 50 кой-эчки бар. Ал эми оңолуп калгандарын тоого жөнөтүп жатабыз. Ал эми биз кошкон малчы 1000 майда жандыкты тоого айдап кеткен алардын арасынан ооругандар чыкты .”, — деп токтолду куланактык Осмоналиев.
Бул ооруну башында алдын алууну билбегендиктен көп малга антибиотик сайганбыз ошондуктан кырылып калды, дейт ал.
“Андан кийин кара чычкакка каршы вакцинаны 700 сомго алып дарыладым . Биз жалпы 1000 кой эчкини жалпы эле дарылап салбастан он-ондон болуп алып катуу ооругандарга гана ийне сайып дарылап жетиштик . Дарылоо абдан кыйын болду”, — деп кошумчалады Осмоналиев.
Айылдын тургуну жана №86 кесиптик лицейдин көмөкчү чарбасында ветеринардык дарыгер болуп иштеген Чолпонбүбү Дүйшөбаеванын айтымында, мал көп, учурунда эмдөө жүргүзүлбөй калгандыктан оору жайылып кеткен.
“Мал жандык менчик болгондуктан кээ бирлери акчаларын аяйт, кээ бирлери түшүнбөйт. Климатка жараша малдын ылаңдары көп чыгып жатат. Мисалы бир эле жугуштуу оору пастерллез чыкса, ага кошо шарп оорусу да чыгып атат. Оорунун аталышы пастерллез жана шарп бодо малдар да , анан кой эчкилерде дагы бар. Жугуштуу оору, бул оору менен адамдар да ооруйт.”
Дүйшөбаева билдиргендей, бул оору бат эле тарап, беш-алты сааттын ичинде мал жандыгын өлүмгө алып келет.
“Вед врачтарга барып консультация алгандар сактап калды, вед врачтарга кайрылбай өз билгенин кылгандар малынын көбү кырылды. Малдарды дарылаганга жаңы дарылар көп чыкпадыбы жаңы чыккан дарыларды алып дарыладык. Нитокс, окситетрацинол деген дарыны колдондук”, — деп айтып берди айылдык жеке ветеринардык дарыгер.
Мал жандыктарынын өпкөсү кагып, мурдунан былжыр токтобой, көзүнөн жаш агып шалдырап калганда ушул ылаңдардан кабар берет дешет айылдыктар. Ага кошумча, жаз эрте келип, бирок жаан жаабай койгондуктан, жер боз болуп, чөп кеч чыккан. Ошого байланыштуу былтыркы ылаңдар кайра козголуп малдар ооруп калган.
Айыл тургундары менен малдардын ылаңдашы тууралуу маектешкенибизде, көпчүлүгү мындан тынчсызданып жаткандыктарын айтышты.
Даярдагандар: Эркинай Нарынбекова, Перизат Кубанычбек кызы