Бул оорукана 1989-жылы 25-декабрда пайдаланууга берилген. Союз доорунан кийин суу түтүктөрү бузулуп, калкты тейлөө начарлап кетти, дейт оорукананын башчысы Азим Абдилазимов.
«Бизде оорулууларды тейлөө союз бузулгандан кийин начарлап кетти, себеби андан кийин суу түтүктөрү жакшы курулбагандыктан, алар бузулуп, оорукана суу менен камсыз болбой калган жана жылытуу системалары иштен чыккан», — деди Кулатов айылдык оорукананын башчысы Азим Абдилазимов.
Оорууканада кезек күткөндөр аябай эле көп экен. Аларга дарыгерге кайрылуу үчүн канча убакыт күтөсүздөр, деп суроо узаттык. Алар керектүү убакыттын баарын күтөбүз, кеминде бир саат, деп жооп беришти.
«Бул ооруукана учурдун талабына жооп бербейт. Бизге кабинеттер жетишпейт, врачтар жетишпейт, пол жууганга суу жок, эң негизгиси бизге тараза жетишпейт, бир кабинеттен экинчи кабинетке кирип өлчөйбүз», — деди ооруканаын үй-бүлөлүк дарыгери Меринса Ахмедова.
Автору: Гүлзира Курсанали кызы