Азыр сугат мезгилинде суу азайып, ага кошумча айрым айылдарга суу жетпей жаткандыгын айтышат жергиликтүү тургундар. Мындай маселени чечүү үчүн айыл өкмөт сууну кезектешүү жолу менен бөлүп берүүдө.
[soundcloud id=’158611330′]
Кумайдан, Кулуштан жана Баглан айылдары Кулатов айыл аймагынын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкандыктан, бул кыштактар сугат мезгилинде суу маселесинде кыйынчылыктарды баштан өткөрөт.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагына 16 айыл кирет. Анын ичинде Кумайдан, Кулуштан жана Баглан айылдарынын башчысы Курсан Маккаримов, жаан жааган учурда гана суу жетиштүү болот, калган убактарда жогорку айылдар сууну ашыкча пайдаланып жатат, дейт.
“Кыска убакыт жаан жаган убакта гана жакшы болгон. Азыр жакшы деп айта албайм. Жогорку айылдар ашыкча пайдаланып жатат. Кулуштан, Кумайдан, Баглан айылдарындагы жерлер жетиштүү суу иче албай жатат. Ушул үч айылда эрте менен 20-30 адам чогулуп калып жатат. Алардын он бешине суу берилип, калганына жетпей калып жатат. Анан бири-биринин суусун буруп кетип жатышат”, — деп билдирди айыл башчы Курсан Маккаримов.
Кулатов айыл аймагынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан Кызыл-Булак айылынын тургуну Акылбек Аскаралиев сугат суу боюнча кыйынчылыктар дээрлик жок экендигин айтат.
“Суугат маселеси жакшы эле нааразычылык жок. Былтыркыга караганда быйыл азыраак. Бирок айыл жерлерде жакшы эле. Суудан алыс жашаган айылдарда талаш болушу мумкун. Өзүмдүн 80 сотик жерим бар дайыма эки күн суугарам. Сууну бир жылдык салыгын төлөйм, анан суу бөлгөндөр бөлүп берет”, — деп билдирди кызыл-булактык Аскаралиев.
Айыл өкмөт башчысы Нуридин Мадимаров суу негизи аз болууда, бирок ошого карабастан айылдарга суу кезек менен бөлүштүрүлүп берилип жаткандыгын айтты.
“Башынан суу азайып кетти. Азыр эми ооран кылып берип жатабыз. Айыл-айылдарга бөлүп, өзүбүздө бир куб суу калды да. Баглан жана Таш-Булак деген айылдарга 400 литр сууну бөлүп жибердик ооран кылып”, — деди Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Мадимаров.
Даярдагандар: Айкын Дарбишов, Марлен Жамалов