Ооган-Талаа айылына спорт зал курулмакчы — ага жалпысынан 14 миллион сом акча кетет жана эки айда курулуп бүтөт, деп билдирди Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов.
[soundcloud id=’157643465′]
Ооган-Талаа айылынын тургундары спорт зал курулса, айыл жаштарына көп пайдасы тиймек дешет.
Майрамбек Акжигит уулу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинин 9-классынын окуучусу. Ал буга чейин мектептин далисинде машыкчу, эми айылга спорт залдын салынышын чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтат.
“[…] Спорт зал ачылса чемпион чыгат деп ойлойм. Анткени бүткүл чемиондор ушундай кичи спорт залдан чыккан. Аракет кылса баары болот. Бул убакка чейин мектептин коридорунда машыгат элек. Мен бул спорт зал курулса сөзсүз барам, ата-энем каршы болбойт, тескерисинче кайра колдойт”, — деди Майрамбек Акжигит уулу.
Аталган мектептин дене тарбия мугалими Кочкорбай Романов кары-жашы дебей спорт залга барып машыгып турушса, айылдын саламаттыгына бир топ жакшы болот деп ишенет.
“[…] Кары-жашына карабай спорт менен машыгыш керкек. Азыр жаштар ар жерде жүрүшпөйбү. Эгер спорт сал курулуп калса Ооган-талаа айылы, бүткүл Могол айыл өкмөтү үчүн өтө чоң мааниси болот эле. Сөзсүз олимпиадалык чемпиондордун баары айылдан чыгат. Себеби дегенде мен ишенем. Айылдын балдары өтө шамдагай өтө күчтүү келишет”, — деген тилеги менен бөлүштү Далбаев гимназия мектебинин дене тарбия мугалими Романов.
Айрым жашоочулар спорт зал курулбай калышы мүмкүн деп ойлоп жатышат. Бирок Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов 14 миллион сом акча бөлүндү, эки айда курулуп бүтөт деп ишендирди.
“Ким айтса бекерди беш жолу айтыптыр, курулат. […] Бардык документтер бүттү. Азыр бир гана элдик салымды күтүп жатабыз. Спорт зал эки айдын ичинде курулуп бүтөт. Спорт залга 14 миллион сом акча кетет. Арис программасынан алып атабыз, ага эки жылдан бери кайрылабыз. Жыйынтыгы мына бир ай болуп калды, ошол оң тарапка чечилип, ошонун үстүндө иш кылып жатабыз”, — деп маалымат берди Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов.
Айыл өкмөт башчысы Турдукулов кошумчалагандай, спорт залдын салынышына элден учурда кошумча акча каражат чогултулууда.
Элден жыйнала турган акчанын суммасы эки миллион сом — ар бир түтүнгө миң сомдон бөлүнгөн.
Даярдагандар: Абдышарип Миташов, Айсулуу Эркинбекова