Токтоян айылынын 36 жаштагы тургуну Нурлан Маматкулов өзүнүн усталык өнөрү менен айылга салымын кошуп келүүдө.
[soundcloud id=’157622559′]
Нурлан Маматкулов кесиби боюнча эканомист болгон, бирок табигаттын берген таланты менен айылдын устасы болуп иштеп келе жаткандыгын айтат.
“[Устачылык — бул] мага табигаттын берген таланты. Менин стажым да чоң, болжол менен 15 жылдык тажрыйбам бар. Алты жыл жыгач уста болуп иштедим, дагы алты жыл эмерек жасап жүрдүм”, — деди Маматкулов.
Токтояндын үч устасынын бири Маматкулов ар кайсы тармакта устачылык кылгандыгы менен айырмаланат.
“Менин усталык тармагыма жумшак жана башка эмеректерди түрүн жасоо, корпус даярдоо, жыгачты кайра иштеп чыгуу кирет. Мен өзүм 18 жашыман бери ушул жумуш менен алектенем азыркы учурда мен 36 жаштамын, ошол боюнча эле иштеп келтам” Нурлан Маматкулов.
“Өзүнчө цех ачып да иштеп атабыз. Көбүнчө Каракол шаарында иштеп келгем. Айылга келгениме төрт жыл болду. Уста болууга өзүм кызыктым. Менин талантым көп тармактуу, сваршик болуп да иштейм. […] Темирден, жыгачтан эмне заказ келсе жасай беребиз”, — дейт Нурлан Маматкулов.
Токтояндын тургуну Нурбек Имашов буга чейин айыл устасына меш жана эшик жасаткан. Устанын эмгегине ыраазы экендигин билдирди ал.
“Элге жардамы тийген жакшы уста. Мага бир эшик жасап берген сапаты абдан жакшы, башка усталардан айырмасы темир, жыгач баардыгын жасай берет. Мага дагы бир меш жасап берген, ал жакшы иштеп үйдү жылытат. Акчасын болсо базар баасынан 15-20 пайызга арзан”, — дейт айыл тургуну Имашов.
Уста Нурлан болсо ал ортодо киреше менен кошо чыгашасы да болоорун айтат.
“[…] Чыгашага учуроо жумуш үстүндө боло берет. Кээде материал алып келгенде акчасы чыкпай калат. Мен өзүмдүн кесибим экономист, бирок ал тармакта иштеген эмесмин. Ушул эле устачылык тармагында иштеп келтам. Кирешеси ар кандай болот — кээде айына болбосо да 15 күндүн ичинде 20 миң сом түшкөн учурлар да болот”, — деп бөлүштү токтояндык уста.
Даярдаган: Рита Кеңешова