Жай мезгилинде алыс жана жакында жашаган эл эс алуу үчүн Абшыр-Атага барууну самайт. Бирок ал жактын жолунун начардыгы аларга ыңгайсыздык жаратканын айтышат.
[soundcloud id=’156940876′]
Кыргызстандын түштүк аймагындагы жергиликтүү тургундар менен катар чет өлкөлүк туристтердин да көңүлүн өзүнө бурган жайлардын бири — бул Абшыр-Ата.
Эки тарабы бийик тоолуу жерде капчыгай бар. Капчыгайдын бир тарабындагы таш тоонун боорунан суу агып чыгат. Бул жайды көрүү үчүн коноктор көбүнесе жай мезгилинде келишет.
Таш тоонун боорунан чыккан суу атайын орнотулган түтүк аркылуу Кулатов айыл аймагына кирген кыштактарга агып барат.
Талант Эргешов Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Кызыл-Булак айылында жашайт. Эс алуу максатында, же болбосо да Абшыр-Ата суусунун жанындагы Шыпа булактан дарылануу үчүн ал жылына эң аз бир жолу барат.
Анын айтымында Абшыр-Атага барган жолду сел улам алып кеткендиктен ал жакка жетүү кыйынчылыктар менен коштолот.
“Ушунчалык сонун жер. Бирок жолу начар, ошону оңдоп асфальттап койсо, туристтер да, эс алуучу адамдар да көбөймөк. Сел өткөн жерлерге турба койсо жакшы болмок. Анткени сел дайыма жолду алып кетет”, — дейт ал.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров, азыр жол маселесин сүйлөшүп жатабыз, шагыл төктүрүп тегиздетебиз, дейт.
Бирок ал Абшыр-Ата мындан 18 жыл мурда сатылып кеткендиктен, жеке менчик ээси аталган жайдын абалына жоопкеричилик аларын кошумчалады.
Эл арасында Абшыр-Ата тууралуу ар кандай уламыштар айтылып жүрөт.
Кызыл-Булак айылынын жашоочусу Майрам Шамшиеванын айтымында, Абшыр-Атада Мухаммед пайгамбардын намаз окуган издери бар — анын пикиринде, Абшыр-Ата ошондуктан ыйык жер.
Дагы бир уламышка караганда, илгери ал жерден суу эмес, сүт акчу. Бир аял баласынын жалаягын ошол сүткө жуугандан кийин, ал жердеги сүт сууга айланып калган.
Шамшиева кошумчалагандай, Абшыр-Атанын суусу таттуу жана анын жанындагы Шыпа булактын дарылык касиети бар — жараларды бат айыктырат.
Эл ичинде аны ар кайсы дене ооруларына пайдаланып келишет.
Автор: Айкын Дарбишов