Биздин максат балдардын жайкы эс алуусун пайдалуу жолдор менен өткөрүү. Биз балдар менен маек курганда алар көп убактысын үйдө үй жумуштары менен өткөрүүсүн айтышты. Алар үй жумуштарын эле аткарбастан ата-энелерине да жардам берип турушаарын айтышат.
Мисалы бул сүрөттө алма, өрүк, гилас бышкан маалда балдар мөмө-жемиштерди терип жатканы турат. Алар ушул жол менен акча табышат экен.
Ал акчаны эмне кыласыңар деген сурообузга, мектепке окуу кийимин алганы жана керектүү буюмдарга жумшаарын айтышты.
Андан тышкары акчаларын ата-энелерине жардам катары да берээрин айтышты.
Балдар каалаганы менен аларды жайкы эс алууда лагерлерге, эс алуучу жайларга жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк аз экен. Курстарга барууга кээ биринин мүмкүнчүлүгү такыр жок. Балдардын жайкы эс алуусу мына ушундай өтүп жатат.
Автор: Мээрим Алмазбек кызы