Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндө «Үлгүлүү үй» аттуу сынак болуп өттү. Сынак ушул жылдын 15-октябрында APNIP долбоору тарабынан жарыяланган. Ага жети үй-бүлө катышып, анын бешөө байгелүү орундарды ээлешти.
Кулатов айыл өкмөтүнүн жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн активисти жана айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси Анипа Сыдыкова: «2020-жылдын май айынан баштап, Кулатов жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүндө активист болуп иштеп келе жатам. Ден соолукту жакшыртуу максатында бир нече модулдарды өткөрүп, анын жыйынтыгында 2021-жылдын октябрында айыл өкмөттөгү үй-бүлөлөр арасында сынак жарыяланган. Ал жети талап боюнча жүргүзүлдү. Жалпы жети үй-бүлө катышып, анын бешөө байгелүү орундарга жетишишти. 1-орунду Бакыт Куштаровдун үй-бүлөсү 35 балл менен, 2-орунду Нурбек Ысмайыловдун үй-бүлөсү 30 балл менен, Абубакир Раззаков жана Мурадыл Абдразаковдордун үй-бүлөсү 28 балл менен жеңишке жетишишти. 1-орунду алган үй-бүлө муздаткыч, калгандары айыл өкмөт тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Кулатов айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн алдында концерттик программа менен коштолуп, жыйынтыкталды».
Кулатов айыл өкмөтүндөгү «миң күндүк үй-бүлө» кароо сынагынын комиссиясынын төрөгасы Сапарбек Бойдонов: «Жобого ылайык айыл өкмөт кызматкерлери тарабынан 5 комиссиялык топ түзүлүп, сынакка катышкан 7 үй-бүлөнүн үй чарбасын 7 багыт боюнча карап чыктык. Сынактын жүрүшүндө айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси жана сынактын уюштуручусу Анипа Сыдыкованын ишмердүүлүгүн жогору баалап, сынакка катышкан үй-бүлөлөргө ыраазы болдук. Катышуучулар талаптарга жогору деңгээлде даярдык көрүшкөн. Колду таза жуу, аз кандуулукту кыскартуу, таза даараткана, туура тамактануу боюнча үй-бүлө мүчөлөрү кенен түшүндүрүп бере алышты. Бул абдан жакшы жөрөлгө. Мындан ары да ушул сыяктуу сынактарды уюштурууну колго алабыз. Айыл өкмөт тарабынан 4 миң сом акчалай сыйлык жана ардак грамоталар менен сыйланышты».
Сынактын катышуучусу Мурадыл Абдразаковдун үй-бүлөсү: «Сынакка катышып, байгелүү орунга жетишкениме ыраазыбыз. Сынакка катышуу менен долбоордун максаты болгон туура тамактануу боюнча көп маалыматтарга ээ болдук. Ошондой эле APNIP долбооруна, айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси, уюштуруучу Анипа Сыдыковага, байгелер менен камсыз кылган Кулатов айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз».
Таңнуру Жалалова, Чынара Нурманова