Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңешинин 6-кезектүү отуруму болуп өттү. Анда бюджеттин жана өнүгүү программаларынын аткарылышы, таза суу маселеси, элден түшкөн арыздар каралды.
Отурумга 14 депутат, айыл өкмөт, башкы эсепчи жана айыл башчылары катышты. Жалпысынан төрт маселе каралды:
Отурумдун башында Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Элмира Такырбашева 9 ай аралыгында аткарылган иштер боюнча отчет берди. Андан соң депутаттар ага суроолорун узатып, талкуу жүрдү.
Айылдык кеңештин төрайымы Назгүл Тойгонбаева: «Бүгүнкү отурумда негизги маселелер каралды. Айыл өкмөт баш болуп өкмөттүн 9 айлык жыйынтыгын айтып беришти. Быйылкы жылга каралган бюджеттин коротулбаган каражатын айылдардагы иштерге жумшай турганыбызды чечип алдык. Андан сырткары айыл башчылары өздөрүнүн аткарган иштери тууралуу маалыматтарын айтышты».
Жергиликтүү кеңештин депутаттары сессия тууралуу өз ой-пикирлерин билдиришти.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Турат Эшкожо уулу: «Бюджеттин аткарылышы тууралуу бухгалтер толук маалымат берип өттү. Эми дагы алдыда аткарыла турган жана түшө турган каражаттар бар экендигин билдик. Азыркы учурда айыл башчыларынын дагы аткара турган иштери тууралуу маалымат алдык».
Айылдык кеңештин төрайымынын орун басары Тилек Чейнекеева: «Бүгүнкү сессияда элдин бардык арызы, сунуштары каралып, аны бардык депутаттар колдоп бердик. Мурунку калып калган маселелерди да таштап койбостон аларды да кошуп бирге карадык».
1-Май айылынын айыл башчысы Сапарбек Кулболдиев: «Сессия канааттандырарлык болду. Бардык суроолорго жоопторду алдык. Алдыдагы аткарыла турган иштерге акча каражатын бөлдүрүп алдык. Эми суук түшкөнчө иштерди бүтүрөбүз».
Азиза Тамчиева