Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү Ак-Чал айылында 75 орунду бала бакчанын курулушу аяктоодо. Бала бакча сентябрь айында ишке берилүү алдында турат. Анын жетекчилиги жана тарбиячылары комиссиянын негизинде тандалып алынды. Буга чейин Ак-Чал айылында бала бакча жок болчу.
Кулатов айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы Данияр Көчкөнов: «Ак-Чал айылындагы «Ак Ниет Нуру» атындагы бала бакчанын курулуш иштери 2019-жылы башталган. Учурда курулуш иштери аяктап, жасалгалоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул имараттын курулушу Кулатов айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана «Түштүк-Кыргыз цемент» заводу тарабынан каржыланды. Бала бакчанын ички жана сырткы иштери бүткөрүлүүдө. Жайкы ашкана проектке кирбей калган. Ошол себептен, азыр курулган жок. Тилекке каршы, айыл жеринде электр тогу алсыз болгондугуна байланыштуу свет өчүп калуу коркунучу бар. Башка бала бакчаларга да жайкы ашкана куруп бергенбиз. Бул бакчага да куруу тууралуу планга киргизебиз».
Ак-Чал айылындагы «Ак Ниет Нуру» атындагы балдар бакчасынын жетекчиси Шайиргүл Козубаева: «Бала бакчанын куруу иштери аяктаган. Учурда бөлмөлөрдү жасалгалоо иштери, эмеректер, ашкана үчүн керектелүүчү эмеректер тендерге берилген. Жакынкы учурда алынып келинет. Бала бакчанын балдар ойноочу аянтчалары орнотулуп бүттү. Боёк иштери калды. Бакчанын айланасына жер тапандар төшөлүп жатат. Жетекчилик, тарбиячы, жардамчы тарбиячылар, ашпозчу баары дайындалып бүттү. Учурда балдарды каттоо жана кабыл алуу үчүн документ иштери жүрүп жатат».
Кулатов атындагы айыл өкмөттүн муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис Сапарбек Бойдонов: «Ак-Чал айылына бала бакча салуу үчүн муниципалдык жер болбогондук айыл тургундарынан жер сатып алууга туура келди. Ошол себептен курулуш иштери кечеңдеген. Жалпы бала бакча үчүн 22 млн акча бөлүнгөн. Андан сырткары балдар үчүн керебеттерге, ашкана эмеректерине 2 млн акча бөлүнгөн. Анын 13 млн Кулатов айыл өкмөтүнүн бюджетинен, 11 млн «Түштүк-Кыргыз цемент» заводу каржылады. Эмеректердин да жарымы бала бакчага келген. Жасалгалоо иштери кызуу жүрүүдө. Сентябрь айынын аягына чейин учурдагы жумуштар бүткөрүлүп, ишке берилет. Балдардын тамак-ашы жана бала бакчанын кызматкерлеринин айлык акылары мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Эгерде мамлекеттик бюджетке жетишип киргизе албай калсак, анда жергиликтүү бюджеттен 1 жыл каржылап турабыз. Тамак-аш, жылытуу системалары айыл өкмөттөн каржыланат. Ал эми бала бакчанын кызматкерлеринин айлык акысы мамлекеттен каржыланат».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Чынара Нурманова, Таңнуру Жалалова