Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Кулатов айыл өкмөтүнүн мектептеринин башталгыч класс окуучулар арасында Мерсико долбоору каржылаган «Окуу фестивалы» болуп өттү. Бул иш чарага алты мектеп катышып, баалуу белектер менен сыйланышты.
Фестивалдын максаты: Балдардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана китеп окуу кондүмдөрүн жакшыртуу . Андан сырткары мектеп окуучуларынын билим денгээлин көтөрүү башка мектептер менен достукту бекемдөө деп билдирди фестивалдын уюштуурчусу «Мерсико» , «Билим үчүн азык жана балдардын туура тамактануусу» долбоорунун сабаттуулук компоненти боюнча Ош областынын адиси Мамашарипова Жазгүл . Фестивалга К.Колдошов, т.Айбашев, К.Надиров, Баглан, Т.Кулатов, Арык-Бою атындагы орто мектептеринин башталгыч класстарынан 1-2-3-4-класстарынан 2 ден окуучу жалпы ар бир мектептен 8 ден окуучу катышты. Сынактын шарттары боюнча 5 түрдүү тапшырмаларга жооп берүүгө жетишити. Окуучулар, ата-энелер, мектептердин китепканачылары катышып, фестивалдын катышуучуларына уюштуруучулар тарабынан түрдүү темадагы Ардак грамоталар жана окуучуларга таттулар, окуу куралдар менен сыйланышты.
Даярдаган: Матраимова Айиса,Жалалова Таңнуру