Кулатов айыл өкмөтүндө «Ыйык-Ата Журт» Кызыл-Кыя коомдук жаштар фонду тарабынан уюштурулган китеп жарманкеси өттү. Иш чарага айыл тургундары, жана ЖМП долбоору менен иш алып барып жаткан окуучулар катышты.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Сапарбек Бойдонов: Бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде өттү. Балдарды илим-билимге китеп кызыктыруучу пайдалуу жарманке болду. «Ыйык-Ата Журт » Жаштар фонду уюштурган китеп жарманкесине айыл өкмөт тарабынан акча каражаты бөлүнгөн жок. Мындан кийинки өткөрүлө турган иш чараларга сөзсүз түрдө финансылык жактан жардам көрсөтөбүз. Жылдын аягында жеңүүчү 3 мектепке Ташкентке баруу үчүн жол киресин төлөп берүүнү пландап жатабыз».
Чынара Көчкөнбаева