Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кожо-Арык айылында 25 аялга «Бир дүйнө Кыргызстан» аттуу адам укуктары жөнүндө аймактык фестивалынын алкагында 20 — июндан 30 — июнга чейин бүткүл «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата Кыргызстан боюнча уюштурулуп көрсөтүлдү.

Бул иш чара Кулатов айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылындагы «Жаша балалык таңы» бала бакчасында көрсөтүлдү. Биринчи кино тасмада айылдагы аялдын жашоо турмушун чагылдырган , экинчи тасма Өзгөн шаарындагы көмүр казуучу шахтыда эмгектенген жарандардын жашоо абалын чагылдырган кино тасма көрстүлдү.

Бул долбоордун максаты жөнүндө Захира Назарова айтып өттү. «Бир дүйнө Кыргызстан» фестивалы жылына эки жолу өткөрүлөт. Фестивал Бишкекте өткөрүлгөндөн кийин биз аймак — аймактарга бөлүнүп, адам укуктары боюнча тасмаларды көп адамдарга көрсөтүүгө аракет кылабыз.Бул иш -чаранын негизги максаты адамдардын укуктук билим деңгээлин жогорулатуу,укук бузуулардын келип чыгуу себептери, кантип өз укугун коргоону, айрыкча айыл аялдардын укуктары жөнүндө ушундай темалар боюнча түшүнүк беребиз.Өз укугун коргоо боюнча кеңири маалымат ала алышат.

«Бир дүйнө Кыргызсатан» укук коргоо борборунун Ош шаардык юридикалык өкүлү Камилжанов Фархад Сранжановичти сөзгө тартканда-«Биз «Бир дүйнө Кыргызстан» фестивалынын алкагында аймак аймактарда адам укуктары боюнча тасмаларды көрсөтөбүз.Көргөндөн соң көрүүчүлөр тарабынан өздөрү түшүнбөгөн укуктук суроолор, укуктук мамилелер жөнүндө суроолор пайда болот.Ошол суроолорго жооп берүүгө аракет жасайбыз.Айыл жериндеги жарандардын укуктук билимин жогорулатуу үчүн аракет кылабыз».

Кожо-Арык айылынын тургуну «Жаша балалык таңы» бала бакчасынын жетекчиси Бобулова Канышай бул тасмаларды көргөндөн соң айыл жериндеги аялдардын укуктук билим денгээли төмөн экенин байкадым. Россия мамлекетине барганымда кээ бир мигранттардын өз укугун билбей, айлык акыларын ала албай жүргөндөрүн көрдүм.Эгерде ушул балдарга убагында укуктук билим же маалымат алышса миграцияда жүргөндө кыйынчылыктарга дуушар болбойт эле деп өз оюн билдирди.
Даярдаган: Кожоева Асылкан, Жалалова Таңнуру