Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборунда түз эфирде «Демократия сааты» долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан «Мигрант ата-энелердин балдарынын укуктарын ким коргойт?» деген темада талкуу болуп өттү.

Эфирдин коноктору Кулатов айыл өкмөтүнүн соц адиси Сыдыкова Айдангүл, Кулатов айыл аймактык ыйгарым өкүлү милициянын ага лейтенанты Джусупбаев Алтынбек, Айбашев орто мектебинин соцпедагогу Кожоева Асылкан менен мигрант ата-энелердин балдарынын укуктары жөнүндө талкуу болду. Мигрант ата-энелердин балдарын баккан чоң -эне, чоң-ата, тай-ата, тай-энелерден алынган маалыматтар уктурулду. Келген конокторго тиешелүү суроолор берилип жооптор алынды.

«Бүгүнкү эң актуалдуу болгон мигрант ата-энелердин балдарынын укуктары жөнүндөгү маек мага аябай жакты, себеби, мен мектеп ичинде соцпедагог катары ата-энеси мигрант балдар менен тыгыз иш алып барам, кээде көйгөй жаралат ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду. Мындай түз эфир уктурууларды байма-бай уюштуруп турууңарды каалайм,» -деди Айбашев атындагы орто мектебинин соцпедагогу Кожоева Асылкан.

«Бүгүнкү түз эфир мен үчүн аябай кызыктуу болду. Себеби соцкызматкер катары айыл өкмөттүн жашоочуларынын социалдык абалын жакшы билүүм керек жана алар менен тыгыз байланышта иштөөм керек. Мага калкка маалымат жеткирүүдө чоң мүмкүнчүлүк жаралды. Түз эфир уктурууну уюштурганыңыздар үчүн ыраазымын,» -деп билдирди Кулатов айыл өкмөтүнүн соцадиси Сыдыкова Айдангүл.

«Кызыл -Булак жамааттык мульти медиа борборунда түз эфир уктуруу Кулатов айылында экинчи жолу уюштурулуп жатат. Радио уктуруу аркылуу айылдагы калкка укуктук темадагы актуалдуу көйгөйлөр талкууланып элге жеткирилүүдө. Маекке келип катышып кеткен конокторубузга ыраазычылык билдирем,» -деди эфирдин алып баруучусу Чынара Нурманова.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынып, каржыланууда.
Даярдаган: Жалалова Таңнуру