Бүгүн Т.Кулатов айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган «Нооруз-2022» майрамы болуп өттү. Айыл элдери айылдаштары менен биргеликте сүмөлөк кайнатылып жакшы каалоо тилектерин айтышып майрамдык маанайды жакшы тосууда. 
Мында айыл өкмөттөгү айылдар арасында кароо сынак өткөрүлдү. Атайын түзүлгөн программанын негизинде катышуучулар өнөрлөрүн тартуулашып, баалуу белектер менен сыйланышты. Алардын катарында Т.Айбашев мектебинин башталгыч класстын мугалими Кожоева Гулбарчын Маматовна окуучулары менен конокторго майрамдык маанай тартуулашып, баалуу белектин ээси болуп кайтышты.


Чынара Көчкөнбаева